Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 7-декабры ПЖ № 387
"Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 208 , 2026-жылдын 17-февралындагы № 60 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык )
Кластердик өнүгүүнүн негизинде инновациялык жана жогорку сапаттагы айыл чарба продукциясын жана даяр тамак-аш азыктарын өндүрүүнү уюштуруу, аталган товарларга калктын суроо-талабын канааттандыруу, эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык жана талап кылынган адистиктер боюнча айыл чарба тармагы үчүн адистерди даярдоону камсыз кылуу, ошондой эле республикада агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү максатында токтом кылам:
1. "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластери (мындан ары - Кластер) түзүлсүн.
2. Кластерди башкарууну "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомунун атынан башкаруучу компания (мындан ары - башкаруучу компания) жүзөгө ашырат деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 208 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 60 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
а) Кластердин:
- эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Корея Республикасынын тажрыйбасын колдонуу менен инновациялык чечимдерди жана алдынкы агротехнологияларды киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү;
- инновациялык жана жогорку сапаттагы айыл чарба жана тамак-аш продукциясын чыгаруу боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап өндүрүштөрдү түзүү үчүн инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк, ошондой эле алдынкы агротехнологияларды тартуу;
- эл аралык окутуу программаларына ылайык айыл чарбасында талап кылынган адистиктер боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн окуу борборун түзүү;
- илимий-изилдөө базасын өнүктүрүү, заманбап окуу-лабораториялык, илимий-изилдөө борборлорун, ошондой эле инновациялык инфраструктураны түзүү;
- тажрыйба жана технологиялар менен туруктуу алмашууну уюштуруу жолу менен айыл чарба чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу чет өлкөлүк илимий-изилдөө борборлору менен кызматташууну жөнгө салуу;
б) башкаруучу компаниянын:
- чет өлкөлүк алдынкы тажрыйбаны эске алуу менен Кластерди өнүктүрүү жана аны эл аралык коомчулукка интеграциялоо;
- Кластердин катышуучуларынын реестрин каттоо жана жүргүзүү;
- Кластердин инвесторлору жана катышуучулары өздөрүнө алган милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусун контролдоону жүзөгө ашыруу;
- Кластердин аймагына аны өнүктүрүүнүн иштелип чыккан башкы планына ылайык инвестициялык долбоорлорду жайгаштыруу;
- Кластерди өнүктүрүүгө чет өлкөлүк адистерди жана консультанттарды тартуу.
(КР Президентинин 2024-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 208 , 2026-жылдын 17-февралындагы № 60 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык )
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
а) Кластердин өнөр жай жана айыл чарба чөйрөлөрүнүн аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу түз инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун эсебинен жүзөгө ашырылат;
б) инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө чечим башкаруучу компания тарабынан кабыл алынат.
6. Кластер төмөнкүлөрдү түзүүнү өз ичине камтыйт деп белгиленсин:
- айыл чарбасында пайдаланылуучу өнөр жай продукциясын өндүрүү боюнча өнөр жай зонасын;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча өнөр жай зонасын жана муздаткыч сактоо зонасын;
- айыл чарба өндүрүшүнүн ачык зонасын, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын өстүрүүнү жана питомник чарбасын өнүктүрүүнү;
- күнөскана зонасын;
- илимий-изилдөө жана сыноо лабораторияларын;
- компосттоо зонасын, сууну тазалоо жана тамак-аш калдыктарын жер семирткичке кайра иштетүү системасын;
- ачык жердеги "акылдуу фермалар" зонасын.
7. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы Кластерди түзүү үчүн белгиленген тартипте:
- Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жер тилкелерин которууну (трансформациялоону) камсыз кылсын;
- бөлүнгөн жер тилкелеринде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана айыл чарба багытындагы жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды өндүрүү боюнча өндүрүштүк аянтчаларды, ошондой эле зарыл өндүрүштүк инфраструктураны (электр, канализация, суу, жолдор, кирүүчү жолдор) түзүүгө көмөк көрсөтсүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 60 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- кластердик бирикмелер менен өз ара аракеттенүү, айыл чарба продукциясын экспорттоону жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларын, чийки заттарды жана материалдарды, минералдык жер семирткичтерди жана айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон башка өнөр жай продукциясын жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн агрохолдинг түзсүн;
- инвестициялык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну, аларды пайдаланууга берүүнү жана өнөр жай зонасынын аймагында Кластердин катышуучуларынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл инфраструктураны (электр энергиясы, газ жана суу менен камсыздоо, канализация, кирүүчү жолдор ж.б.) түзүүгө байланышкан маселелерди чечүүдө Кластердин катышуучуларына практикалык көмөк көрсөтсүн;
- төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну демилгелесин:
кызматкерлер - Кластердин катышуучулары үчүн минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүнө жараша киреше салыгынын ставкаларын белгилөөнү;
фермерлердин пайдалануудагы күнөскана жабдууларын күрөө катары берүү мүмкүнчүлүгүн караган айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кластерге Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан, жалпы аянты 350 га болгон жер тилкелерин берсин.
(КР Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 60 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |