Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 98
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалсын:
- Абдинасирова Гулзат Ниязбековна;
- Акимов Замир Талантбекович;
- Алымкулов Сулайман Мамбетович;
- Дюшеналиев Болоткан Жекшенович;
- Джунушов Дулан Дуйшенбекович;
- Жанболотов Улан Кубанычбекович;
- Жаныбек уулу Адил;
- Матемиров Азат Акылбекович;
- Матказиев Автандил Акылбекович;
- Картамбаева Алина Усембековна;
- Кимсанов Нуртилек Манасович;
- Кулукеева Жанайым Турдукуловна;
- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;
- Таштанова Айнур Жетигеновна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |