Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 4-майы ПЖ № 119
Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө максатында токтом кылам:
1. Башкортостан Республикасынын, Марий Эл Республикасынын, Мордовия Республикасынын, Татарстан Республикасынын, Удмурт Республикасынын, Чуваш Республикасынын жана Ульяновск облусунун аймактарын камтыган консулдук округу менен Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишин уюштуруучулук жана финансылык камсыздоо маселелерин чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |