Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги ХХI сессиясы
2016-жылдын 2-марты № 22/4
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат абалын кароо жөнүндө
1. Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасы У.Кыдыровдун төрага катары аткарып жаткан иштерине нааразычылыктарын билдирип көпчүлүк депутаттар ага карата өзүнүн ишин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизишти.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын талабына ылайык добуш берүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында У.Кыдыровду Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн 7депутат жактап, 3 депутат каршы добуш беришти.
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасы У.Кыдыровду Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин төрагасы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыгы таанылсын.
2. Бул токтом тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилсин.
Төрага | У.Кыдыров |