Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 15-майы ПЖ № 123
Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Монголиянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Улан-Батор шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилиги уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |