Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 15-майы ПЖ № 124
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 "2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 "2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясында:
- III бөлүмдө:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткаруу бийлигинин органы катары Концепцияны жүзөгө ашыруунун алкагында Иш-аракеттер планын (мындан ары - Иш-аракеттер планы) иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат жана каралган иш-чаралар менен иш-аракеттердин аткарылышын контролдойт. Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары башында турган ведомстволор аралык комиссия түзүлөт, ал өзүнө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстан калкы ассамблеясынын, ЖМКлардын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн жана жарандык активисттерди камтыйт.";
үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине" деген сөздөр "этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Концепциянын жүзөгө ашырылышын координациялайт жана камсыз кылат, Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишине мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган Иш-аракеттер планын жүзөгө ашырат.";
- IV бөлүмдө:
биринчи абзацтагы "Ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык комиссияга Концепцияны жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө дайыма отчет берип турууга милдеттүү. Жарым жылдык жана жылдык отчеттор да Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана ведомстволор аралык комиссияга берилүүгө тийиш. Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет алты айда бир жолудан кем эмес угулууга тийиш. Ушул Концепцияны жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилүүгө тийиш.";
үчүнчү абзацтагы "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |