Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 23-майы ПЖ № 133
Станциялык курулмаларды (темир жол станцияларын, автобекеттерди, автостанцияларды жана автокассаларды), станциялык курулмаларга жанаша аймактарды жеке менчикке берүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу, ошондой эле жеке менчикке мыйзамсыз берилгендерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чаралар жөнүндө
Автобекеттердин жана темир жол станцияларынын иши чарбалык субъекттер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча агенттин функцияларын аткаруу менен жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн бирдиктүү технологиялык процессине кирет. Технологиялык процесстин чынжырчасынан чыгуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугуна өтө коркунучтуу таасирин тийгизет.
Автобекеттерди башка чарбалык субъекттерге берүү практикасы көптөгөн объекттер берилгенден кийин соода түйүндөрүнө кайра профилдештирилгенин же багыты боюнча эмес пайдаланылганын көрсөттү, анын натыйжасында жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү деңгээли кескин начарлап, калк тарабынан адилеттүү нааразычылыктарды жаратты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жанаша аймактары менен станциялык курулмалар (темир жол станциялары, автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар) жеке менчикке берилгенин белгилей кетүү зарыл.
Жүргүнчүлөргө жана ташуучуларга шарттарды түзүү, заманбап жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, калк үчүн транспорттук комплекстин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана транспорттук системанын туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн туристтик жагымдуулугун күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Мамлекеттин менчигинде турган станциялык курулмаларды (темир жол станцияларын, автобекеттерди, автостанцияларды жана автокассаларды) жеке менчикке берүүгө тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- менчигинин түрүнө карабастан станциялык курулмалар тарабынан транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына туруктуу контроль жүргүзсүн;
- станциялык курулмалардын аймагында транспорттук ишке жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө тиешеси жок объекттерди мыйзамсыз жайгаштырууну токтотуу жана болтурбоо боюнча ишти күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги станциялык курулмаларга жанаша аймактардан жеңил таксилерди жана автобустарды санкцияланбаган жөнөтүүгө, ошондой эле баш аламан парковкаларды жана токтоочу жайларды уюштурууга бөгөт коюу боюнча ишти (анын ичинде фото жана видеофиксация аппараттарын колдонуу менен) туруктуу негизде жүргүзсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- станциялык курулмаларга жанаша аймактарга укук белгилөөчү документтерди берүүгө тыюу салуу;
- станциялык курулмаларга жанаша аймактарда объекттерди мыйзамсыз уюштуруунун жана жайгаштыруунун алдын алуу боюнча ишти туруктуу негизде жүргүзүү;
- мамлекеттик станциялык курулмаларды куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүү.
5. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары:
- төмөнкүлөргө текшерүү жүргүзсүн:
жеке менчикке берилген станциялык курулмалардын, станциялык курулмаларга жанаша аймактардын мыйзамдуулугуна;
менчигинин түрүнө карабастан станциялык курулмалардын профилдик багытына ылайык келишинин мыйзамдуулугунун сакталышына;
жеке менчикке мыйзамсыз берилген станциялык курулмаларды, станциялык курулмаларга жанаша аймактарды кайтаруу боюнча толук чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жер мыйзамдарынын аткарылышын контролго алсын.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 2-июнунда № 44 (3493) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |