Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 10-июлу ПЖ № 173
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кадрлар резервин түзүү жана иштетүү системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мында өзгөчө (конкурстан тышкары) тартип белгиленген кызматчылар, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет;";
- 9-пункттун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалган, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар белгиленген тартипте кадрлар резервинин тиешелүү тобуна (башкы, улук жана кенже) киргизилгенден кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү топторунда административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат.";
- 27-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу. Мында бул мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 3 жылдан ашык иштеген кызматчылар кызмат ордунан бошотууда, эгерде сот тарабынан башкача далилденбесе, терс негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары, ошол мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине 1 жылга киргизилет;";
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- ал тиешелүү бош административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлегенде;";
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- белгиленген талаптарга ылайык келбөө фактысы аныкталганда же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтар берилгенде;";
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- адам каза болгон учурда.".
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы №85 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 22-пункттун үчүнчү абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2023-жылдын 14-июлу № 56 (3505) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 10-июлу ПЖ № 173
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226, 2026-жылдын 13-февралындагы №43 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кадрлар резервин түзүү жана иштетүү системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 47-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы ПЖ № 226 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)