Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 14-июну ПЖ № 155
"№ 99 Кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө
IТ-багыттар боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү менен "№ 99 Кесиптик лицей" мекемесине өзгөчө статус берилсин жана андан ары "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемеси деп аталсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемесине өзгөчө статустун алкагында төмөнкүдөй укуктар берилет деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна талаптарды эске алуу менен билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) билим берүүдөн, окуу-өндүрүштүк жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен киреше алууга жана аларды ишти жакшыртууга жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшоого;
3) көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле материалдык-техникалык базаны ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөөгө;
4) башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого;
5) акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи" мекемесинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелесин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |