Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 9-августу ПЖ № 280
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн.
4. Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |