Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 6-июну ПЖ № 150
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин "Даңк" ордени менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасында агрардык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, айыл чарба өндүрүшү үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети "Даңк" ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |