Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-майы ПЖ № 139
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасын модернизациялоо жана өндүрүштүк кубаттуулугун көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 222 "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы этил спиртин, алкоголдук, фармацевттик жана парфюмериялык-косметикалык продукцияларды өндүрүү боюнча үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга байланышкан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды рынокко мониторинг жүргүзүү жана берүүчүлөр менен сатып алуу суммасына чектөө коюлбастан кийин түздөн-түз келишимдерди түзүү жолу менен сатып алууну жүзөгө ашырат деп белгиленсин.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.У.Жапаров |