Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 14-июну ПЖ № 154
"Акылман" президенттик лицейи жөнүндө
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 343 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында "Акылман" президенттик лицейи" мекемеси түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) "Акылман" президенттик лицейине кабыл алуу окуп жаткандардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларды окутуунун айрым предметтерин жана деңгээлдерин тандоо жолу менен окуу процессин индивидуалдаштыруу каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктаган окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт;
2) (КР Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 343 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 343 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Акылман" президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттарын түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Акылман" президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык-расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |