Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 26-июлу ПЖ № 181
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2023-жылдын 29-июлунан тартып жиберилсин:
- Бишкек шаары:
Бишкек шаардык соту:
Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич;
Садыкова Гульмира Сартовна;
Биринчи май райондук соту
Бейшеева Зарема Асаналиевна;
Свердлов райондук соту:
Асаналиева Чынара Сейиткадыровна;
Исаева Айзада.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |