Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 9-августу ПЖ № 185
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Пляж аймактарына кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө";
2) преамбулада:
- экинчи абзацтагы "калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүн" деген сөздөр "пляж аймактарына кирүүнү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "жергиликтүү калктын пляж аймактарына эркин кирүүсүн" деген сөздөр "пляж аймактарына эркин кирүүнү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын" деген сөздөр "коомчулуктун" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтагы "Аталган калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу" деген сөздөр "Пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пляж аймактарына кирүүгө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт деп белгиленсин.";
4) 2-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүү камсыз кылынсын;";
- бешинчи абзацтагы "жергиликтүү калктын кирүүсүнө" деген сөздөр "кирүүгө" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |