Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 9-августу ПЖ № 187
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын көз карандысыз, кесипкөй жана натыйжалуу системасын түзүү боюнча реформаларды илгерилетүү жана тереңдетүү, стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине, Кыргыз Республикасында 2023-2025-жылдарга кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясынын 13-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. 2023-жылдын 15-августунан тартып министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын орун басарларынын бирине жана/же жооптуу катчыларына (айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештердин) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, анын ичинде төмөнкү милдеттер үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды так сактоо;
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн адистерди кадрлар менен өз убагында комплекттөө;
- чыгымдарды минималдаштырууда мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыларынын кесиптик потенциалынын зарыл деңгээлин калыптандыруу (конкурстук тандоо, кадрларды даярдоо менен байланышкан ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, азыркы мезгилдеги чыгымдарды гана эмес, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды андан ары кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну ж.б. эске алуу менен);
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызыкчылыктарын эске алуунун, карьералык илгерилөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүүнүн, социалдык камсыз кылуунун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жогорку өндүрүмдүү эмгекке кыйла жогору дем берүүлөрдү түзүүнүн натыйжасында эмгек жамаатын турукташтыруу;
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине конкурстук тандоонун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу боюнча чараларды керүү, ачык маалыматтарды жана башка маалыматтарды Интернет тармагына, анын ичинде ачык маалыматтар порталына жайгаштыруу;
- жүргүзүлүп жаткан кадрдык процесстерди санариптештирүүнүн жана оптималдаштыруунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды конкурстук тандоонун, аттестациялоонун жол-жоболорун өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасында жеке маалыматтарды контролдук абалда күтүү ("e-Kyzmat" АМС);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук форматта кадрдык иш кагаздарды жүргүзүү ("e-Kyzmat" АМС);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук форматта мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө жөнүндө статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана берүү ("e-Kyzmat" АМС).
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды аткаруу жана сактоо боюнча иштин абалы туруктуу негизде каралсын.
3. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте мониторинг жүргүзүүдө мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана башка кызмат адамдарына маалымат берсин.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |