Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-июлундагы ПЖ № 170 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын АСКЕРДИК ДОКТРИНАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы (мындан ары - Аскердик доктрина) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого, ошондой эле мамлекеттин аскердик курулушуна жана Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууга карата мамлекетте расмий кабыл алынган көз караштардын системасын билдирет.
Бул Аскердик доктринаны иштеп чыгуунун актуалдуулугу дүйнөдөгү жана Борбордук Азия регионундагы (мындан ары - БАР) өзгөрүлүп туруучу аскердик-саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугуна коркунучтардын көбөйүшү, аскердик жана мамлекеттик башкаруу системаларын өзгөртүп түзүү, ошондой эле аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен шартталган.
Аскердик доктрина коргонуу мүнөзүнө ээ жана мамлекет тарабынан коргонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун саясий, дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, аскердик жана башка чараларынын комплексин жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.
Аскердик доктринанын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
Аскердик доктринада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
аскердик коопсуздук - аскердик күч колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен байланышкан тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын корголгон, согуш коркунучунун жоктугу же болбосо ага каршы туруу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлгөн абал;
аскердик саясат - аскердик уюмду түзүү жана өркүндөтүү, аскердик курулуш, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүү, даярдоо жана пайдалануу менен түздөн-түз байланышкан мамлекеттин жалпы саясатынын курамдык бөлүгү;
мамлекеттин аскердик уюму - мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш процессинде мамлекеттик жана саясий башкаруу органдарынын, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн, коргонуу-өнөр жай комплексинин жана алардын мамилелеринин жыйындысы;
аскердик курулуш - мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо кызыкчылыгында жүзөгө ашырылуучу анын экономикалык, социалдык-саясий, аскердик жана башка иш-чараларынын системасы;
аскердик экономика - мамлекеттин аскердик курулушун жана башка коргонуу керектөөлөрүн камсыз кылуучу экономиканын өзгөчө чөйрөсү;
аскердик кооптуулук - белгилүү бир шарттарда согуш коркунучунун пайда болуусуна алып келүүгө жөндөмдүү факторлордун жыйындысы менен мүнөздөлгөн мамлекеттер аралык же мамлекеттер ичиндеги мамилелердин абалы;
согуш коркунучу - карама-каршы тараптардын ортосунда аскердик чыр-чатактын пайда болушунун реалдуу мүмкүнчүлүгү, кайсы бир мамлекеттин (мамлекеттер тобунун), сепаратисттик (террорчулук) уюмдардын аскердик күчтү (куралдуу зомбулукту) колдонууга даярдыгынын жогорку даражасы менен мүнөздөлгөн мамлекеттер аралык же мамлекеттер ичиндеги мамилелердин абалы;
аскердик жаңжал - аскердик күч колдонуу менен мамлекеттер аралык же мамлекеттер ичиндеги карама-каршылыктарды чечүү формасы (түшүнүк куралдуу тирешүүнүн бардык түрлөрүн, анын ичинде масштабдуу, региондук, локалдык согуштарды жана куралдуу жаңжалдарды камтыйт);
куралдуу кагылышуу - бир мамлекеттин аймагынын чектеринде (ички куралдуу кагылышуу) мамлекеттер ортосунда (эл аралык куралдуу кагылышуу) же карама-каршы тараптардын чектелген масштабдагы куралдуу кагылышуусу;
локалдык согуш - эки же андан көп мамлекеттин ортосундагы чектелген аскердик-саясий максаттарды көздөгөн согуш, анда согуш аракеттери карама-каршы мамлекеттердин чектеринде жүргүзүлөт жана бул мамлекеттердин (аймактык, экономикалык, саясий жана башка) кызыкчылыктарына гана таасир этет;
мобилизациялык даярдык - башкаруу органдарынын, аскердик түзүлүштөрдүн, уюмдардын же мекемелердин иш-чараларды уюшулган түрдө, белгиленген мөөнөттөрдө, согуш мезгилинин штаттарына жана керектөөлөрүнө чейин мобилизациялык жайылтууну жашыруун жүзөгө ашырууга, милдеттерди багыты боюнча аткарууга өзүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирүү максатында күжүрмөн уюшкандыкты өткөрүүгө жөндөмдүүлүгүн мүнөздөгөн абалы;
мамлекеттин экономикасын мобилизациялык даярдоо - согуш мезгилинин шарттарында Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн керектөөлөрүн, мамлекеттин жана калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында экономиканы күн мурунтан даярдоо боюнча тынчтык мезгилде жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
коргонуу - мамлекеттин куралдуу коргонуусуна жана мамлекеттин аймагынын бүтүндүгү менен кол тийбестигин куралдуу коргоого даярдоо боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана башка чаралардын системасы;
чек ара инциденти - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди бузууда көрүнгөн чектеш мамлекеттердин жарандарынын, аскер кызматчыларынын же жергиликтүү бийликтеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында келип чыккан, чектеш мамлекеттердин кызыкчылыктарын козгогон жана Мамлекеттик чек ара режимин бузуу же материалдык же башка зыян келтирүү менен байланышкан Мамлекеттик чек арадагы окуя;
чек ара чыр-чатагы - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү жарандардын жана өткөрүү пунктунда Мамлекеттик чек араны кайтарууну же контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдарынын расмий өкүлдөрүнүн карама-каршы кызыкчылыктарынын (ниеттеринин) алардын ортосундагы ачык каршы аракеттеринен көрүнгөн кокусунан же атайылап уюштурулган кагылышуусу. Чыр-чатактар кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү же созуктурулган болушу мүмкүн;
түздөн-түз коркунучтун мезгили (коркунуч туудурган мезгил) - адатта аскердик жаңжал башталганга чейин болгон ар кандай узактыктагы убакыттын бөлүгү. Эл аралык кырдаалдын жана ыктымал душмандардын ортосундагы карама-каршылыктардын өтө курчушу менен мүнөздөлөт;
региондук согуш - бир региондун эки же андан көп мамлекеттеринин катышуусу менен региондун аймагында жана алардын үстүнөн аба мейкиндигинде кадимки, же ядердик жана массалык түрдө кыйратуунун каражаттарын колдонуу менен улуттук же коалициялык куралдуу күчтөр жүргүзгөн, анын жүрүшүндө тараптар маанилүү саясий максатты көздөгөн согуш.
2-глава. Аскердик кооптонуулар жана аскердик коркунучтар
1. Дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал.
Акыркы жылдарда дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал дагы көбүрөөк оордошууда. Учурдагы туруксуздук очокторунун фонунда жер шарынын ар кайсы жерлеринде жаңы куралдуу кагылышуулар пайда болууда, алар белгилүү бир шарттарда күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Бир катар мамлекеттерде экстремизмдин жана нааразычылык көрүнүштөрүнүн өсүшүнүн катализатору болуп калган мамлекеттер аралык мамилелердин жана региондор аралык байланыштардын түзүлүп калган системасында олуттуу жылыштар болуп жатат.
Карама-каршы тараптар тарабынан ар кандай саясий жана коомдук топторго жана калктын катмарларына максаттуу багытталган масштабдуу маалыматтык-техникалык жана маалыматтык-психологиялык таасир массалык психологиялык таасирдин ролунун жана натыйжалуулугунун жогорулагандыгын жана маалымат мейкиндигинде каршылаштын алдында артыкчылыкка жетишүүнүн маанилүүлүгүн күбөлөндүрөт.
Эл аралык террористтик уюмдардын активдүү иши БАРдын бардык мамлекеттери үчүн коркунучтун булагы бойдон калууда.
Өлкөлөр менен элдердин ортосундагы ишеним кризиси, эл аралык экономиканын төмөндөшү, соода жана башка чектөөлөрдүн күчөшү, экономикалык, финансылык, саясий, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан санкциялык саясат дүйнөдө жана региондо карама-каршылыктардын курчушуна жана кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзгөн факторлордун бири болуп калды.
Ушундай абалда Кыргыз Республикасы мындан ары да мамлекеттик чек аранын макулдашылбаган жана талаштуу участоктору боюнча маселелерди күч менен чечүү аракеттерине жана ресурстарга, анын ичинде суу-жер ресурстарына жана пайдалуу кен чыккан жерлерге ээлик кылуу үчүн күрөшүүгө туш келиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү күтүүгө болот:
- Кыргыз Республикасынын айрым аймактарын басып алуу максатында аскерлердин же мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн катышуусу менен операцияларды жүргүзүүнү;
- БАР мамлекеттеринин аймагында террористтик активдүүлүктүн жайылышын;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы аскердик жана жарандык инфраструктуранын объекттериндеги террористтик актыларды жана диверсияларды;
- баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын, курал-жарак сатууну, мыйзамсыз миграцияны, күйүүчү майлардын жана кеңири керектелүүчү башка товарлардын контрабандасын камсыз кылуу максатында чек арадагы чыңалууну колдоого айрым саясий жана криминалдык чөйрөлөрдүн ишинин күчөшүн.
Түзүлгөн кырдаалдын фонунда эл аралык террористтик уюмдар "халифатты" түзүү боюнча өздөрүнүн стратегиялык милдеттерин ишке ашыруу максатында өз күчтөрүн жана каражаттарын даярдап, аларды региондун өлкөлөрүнө киргизүү боюнча активдүү иштерди уланта бериши мүмкүн.
2. Негизги аскердик кооптонуулар жана аскердик коркунучтар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун тышкы жана ички коркунучтарынан келип чыгат.
Негизги тышкы аскердик кооптонуулар:
- эл аралык жана региондук уюмдардын аброюнун жана таасиринин төмөндөшүнө байланыштуу дүйнөлүк алдынкы державалардын жана региондогу аскердик-саясий блоктордун ортосундагы каршылыктын күчөшү жана геосаясий кызыкчылыктардын кагылышуусу, ошондой эле айрым мамлекеттердин мурда өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбоосу;
- куралдуу жаңжал жана жогорку террористтик активдүүлүк зоналарында аскердик-саясий абалдын кескин өзгөрүп тургандыгына байланыштуу эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдардын Борбордук Азия мамлекеттерине жана түздөн-түз Кыргыз Республикасына карай туруксуздаштыруучу умтулуулары;
- айрым мамлекеттердин болгон карама-каршылыктарды аскердик күчтү колдонуу менен чечүүгө умтулуусу;
- өлкөнүн отун-энергетикалык импортко көз карандылыгынын шарттарында региондо суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу;
- массалык кыргын салуучу куралдын таралышы жана эл аралык террористтик уюмдар тарабынан аны колдонуу ыктымалдыгы.
Негизги ички аскердик кооптонуулар:
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн деструктивдүү, сепаратисттик же башка агрессивдүү күчтөр менен бузуу аракеттери;
- этностор аралык карама-каршылыктарды күчөтүү аракеттери;
- Кыргыз Республикасында карама-каршылыктардын күчөшүнө, анын ичинде улуттар аралык чыр-чатактардын санынын жана сепаратизм көрүнүштөрүнүн көбөйүүсүнө алып келиши мүмкүн болгон радикалдык диний агымдардын кеңейиши.
Негизги аскердик коркунучтар:
- чет өлкөлүк жоочулардын, анын ичинде БАР өлкелөрүнөн чыккан адамдардын мамлекетке - потенциалдуу чабуул жасоо объектине кирүү же өтүү үчүн ыңгайлуу райондордо топтолуусунун созулган процесси;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы анклавдардын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн деструктивдүү күчтөрдүн пайдалануу аракеттери;
- эл аралык терроризмдин, диний экстремизмдин жана сепаратизмдин масштабдарынын кеңейиши, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү террористтик жана экстремисттик көрүнүштөр жана Интернет түйүндөрүндө азгырма жалдоо жана үгүттөө ишинин күч алышы;
- чет өлкөлүк атайын кызматтардын чалгындоо-бүлдүрүү иши, ошондой эле мамлекеттин жана коомдун ишин камсыз кылуунун бир нече же көптөгөн жашоого маанилүү чөйрөлөрүнө гибриддик чабуулдардын коркунучтары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кол тийбестигине болгон коркунуч жана аны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процесстердин аягына чыкпагандыгына байланыштуу аскердик агрессия;
- массалык каршылык акцияларына жана баш аламандыкка алып келүүчү социалдык-саясий абалдын курчушу;
- ички террористтик жана экстремисттик жашыруун уюмдардын иш, ошондой эле алардын кылмышкерлер жана уюшкан кылмыштуу топтор менен биригиши.
Тышкы жана ички аскердик кооптонуулар менен коркунучтардын өз ара байланышынын күчөө тенденциясы уланууда, ошондуктан алардын таасири комплекстүү болот жана бири-бирин толуктап туруучу мүнөзгө ээ.
3-глава. Кыргыз Республикасынын аскердик саясаты
3. Кыргыз Республикасынын аскердик саясатынын негизги принциптери:
- аскердик коопсуздуктун коркунучтары алдын алуу жана жоюу боюнча саясий-дипломатиялык жана башка аскердик эмес аракеттердин артыкчылыгы;
- башка мамлекеттерге каршы аскердик күч колдонбоо, согуштук агрессияга (куралдуу чагымчылдык) бөгөт коюу жана сокку берүү учурларын кошпогондо, ошондой эле эл аралык келишимдердин алкагында милдеттенмелерди аткаруу;
- башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө, мүмкүн болгон талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу;
- өзүн-өзү коргоо жана коргонуунун жетиштүүлүгү;
- заманбап согуш жаңжалдарынын мүнөзүнө жараша аскердик курулуштун адекваттуулугу;
- ядердик жана башка массалык кыргын салуучу куралдардын түрлөрүн өндүрүүдөн, сатып алуудан, сактоодон, таркатуудан жана жайгаштыруудан баш тартуу;
- руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарга жана элдин маданий-цивилизациялык бирдейлигине таянуу.
4. Кыргыз Республикасынын аскердик саясатынын максаты коомдун жана мамлекеттин тынч жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, мамлекеттик институттарды, жарандарды аскердик кооптонуулардан жана коркунучтардан коргоо, агрессияны алдын алуу болуп саналат.
5. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында жалпы коргонуу милдети турат - саясий-дипломатиялык, экономикалык, маалыматтык, укуктук, аскердик жана башка чаралардын бардык жыйындысы менен коркунучтарды мурдатан таанып билүү, алдын алуу, локалдаштыруу жана нейтралдаштыруу.
6. Кыргыз Республикасы аскердик күч менен чечилүүчү экспансия, агрессия жана аймактык дооматтар максаттарына ээ эмес жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, ички иштерге кийлигишпөө принциптерин жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган башка принциптери менен ченемдерин сактоого негизденет.
7. Кыргыз Республикасы өзүнүн аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жана эл аралык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо максатында эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташат:
- саясаты Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирбеген жана Бириккен Улуттар Уюмунун уставына каршы келбеген бардык мамлекеттер менен;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында.
8. Чет мамлекеттер менен аскердик-саясий кызматташтыкты Кыргыз Республикасы ички мыйзамдардын, эл аралык укуктун жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, региондук жана жамааттык коопсуздукту чыңдоо максатында жүзөгө ашырат.
9. Кыргыз Республикасы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмуна катышкан мамлекеттер, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер менен союздук мамилелерди андан ары чыңдоону жүзөгө ашырат.
Кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жамааттык коопсуздук күчтөрүн өнүктүрүү жана чыңдоо;
- жамааттык коопсуздук күчтөрүн пландоо жана башкаруу системасын өркүндөтүү;
- абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасын өнүктүрүү;
- башкаруу жана камсыздоо системасын бирдейлештирүү жана стандартташтыруу;
- эл аралык терроризм менен күрөшүү;
- тынчтыкты орнотуу операцияларына катышуу;
- аскердик кадрларды даярдоо, аскердик илимди өнүктүрүү.
10. Кыргыз Республикасы региондук жана эл аралык коопсуздукту чыңдоого кызыкдар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрөт.
Кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- аскер чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү;
- ишеним чараларын бекемдөө, куралдарды контролдоого катышуу;
- Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында тынчтыкты колдоо боюнча эл аралык операцияларда аскердик түзүлүштөрдүн катышуусу;
- аскердик кадрларды даярдоо.
11. Кыргыз Республикасына куралдуу кол салуу болгон учурда ал жеке же жамааттык коргонуунун ажырагыс укугуна ээ.
12. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жүргүзөт.
13. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги коргоо маселелерин тескеген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыздоого багытталган Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча мамлекеттик аскердик саясатты жана чараларды иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
14. Мамлекетти куралдуу коргоо Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр тарабынан жүргүзүлөт, алар өзүн-өзү коргоо жана коргонуунун жетиштүүлүгү принциптерине ылайык түзүлөт жана өнүгөт.
Коргонууга улуттук коопсуздукту камсыздоо системасында өздөрүнүн компетенциясынын алкагында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылат.
15. Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу максатында аскердик экономиканы, Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын мамлекетти куралдуу коргоого күн мурунтан даярдоо жүргүзүлөт.
16. Тынчтык мезгилде Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттин коопсуздугуна аскердик коркунучтарды болжолдоо, баалоо, айкындоо, оперативдүү алдын алуу жана бөгөт коюу;
- коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- аскердик коопсуздук чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү;
- натыйжалуу аскердик-саясий башкаруу жана аскердик-экономикалык камсыз кылуу менен мамлекеттин аскердик уюмун түзүү жана өнүктүрүү;
- аскердик багыттагы продукцияны чыгаруучу экономиканын тармактарын өнүктүрүү (аскердик-өнөр жай комплекси);
- аскердик коопсуздукту камсыз кылуучу күчтөрдү жана каражаттарды борборлоштурулган башкаруунун бирдиктүү системасын өнүктүрүү;
- мамлекеттин экономикасынын мобилизациялык даярдыгын өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарын, мамлекеттик органдарды, уюмдарды, калкты жана аймакты аскердик коопсуздукту, аймактык коргонууну жана жарандык коргонууну камсыз кылууга даярдоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүү, аларды күжүрмөн колдонууга даяр кармоо;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна катышкан мамлекеттердин абадан коргонуунун биргелешкен системасынын элементи катары абадан коргонуу системасын өркүндөтүү;
- кадрларды даярдоо, аскердик билим берүү, аскер кызматчыларын окутуу жана тарбиялоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, аскердик илимди өнүктүрүү;
- тынчтык жана согуш мезгилдеринин штаттары боюнча Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү финансылык каражаттар, куралдар, аскер техникасы, ок-дары, аскердик-техникалык, буюм мүлкү, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен жетишерлик камсыз кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү контракттык аскер кызматчылары, кенже адистер жана аскерге милдеттүүлөр мобилизациялык резервдеги адамдар менен толуктоо системасын өркүндөтүү;
- өзгөчө кырдаалдар жана согуш абалы шарттарында Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн иштөөсүн камсыз кылуу үчүн курал-жарактын, материалдык-техникалык каражаттардын запастарын түзүү;
- аскердик коопсуздукту, Куралдуу Күчтөрдүн аракеттерин, аймактык коргонууну, ошондой эле Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн камсыз кылуу боюнча кызыкчылыктарда калкты, мамлекеттик жана аскердик инфраструктураны даярдоо;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу кызыкчылыгында өлкөнүн аймагын оперативдүү жабдуу милдеттерин пландоо, уюштуруу жана аткаруу;
- аскердик кызматтын аброюн жогорулатуу жана дем берүү, аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскердик кызматтан бошотулган адамдардын социалдык корголушун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
- патриоттуулукка тарбиялоо жана калктын Кыргыз Республикасын коргоого моралдык-психологиялык даярдыгын калыптандыруу;
- эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү.
17. Түздөн-түз согуш коркунучу жаралган мезгилде жана куралдуу агрессиянын башталышы менен:
- даярдалып жаткан куралдуу кол салууну (кырдаалдын өнүгүшүнө коркунуч туудурган) өз учурунда айкындоо жана аны алдын алуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү;
- согуш мезгилинин ченемдик укуктук актыларын токтоосуз колдонууга киргизүү, аскердик аракеттерди даярдоо жана өткөрүү боюнча максатка ылайыктуу чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттин, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн, Жарандык коргонуунун жана аймактык коргонууну тынчтык мезгилинен согуш абалына мобилизациялоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү оперативдүү жайылтуу жана куралдуу кол салууга түздөн-түз сокку берүү же куралдуу коркунучту болтурбоо.
4-глава. Кыргыз Республикасынын аскердик жаңжалдарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча иши
18. Эл аралык укуктук ченемдерге жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскердик жаңжалдарды болтурбоого жана алдын алууга, Кыргыз Республикасын куралдуу коргоого ар дайым даяр болуусун камсыз кылат.
19. Аскердик жаңжалдарды болтурбоо Кыргыз Республикасынын аскердик саясатынын негизи болуп саналат.
20. Аскердик жаңжалдарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- региондук деңгээлде аскердик-саясий кырдаалдын өнүгүшүн, ошондой эле аскердик-саясий чөйрөдөгү мамлекеттер аралык мамилелердин абалын баалоо жана болжолдоо;
- мүмкүн болуучу аскердик кооптуулуктарды жана аскердик коркунучтарды саясий, дипломатиялык жана башка аскердик эмес каражаттар менен нейтралдаштыруу;
- региондук туруктуулукту сактоого катышуу;
- Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын жоболоруна, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык эл аралык коопсуздукту чыңдоо чөйрөсүндө жалпы кызыкчылыктардын негизинде өнөктөш мамлекеттердин чөйрөсүн кеңейтүү жана алар менен кызматташууну өнүктүрүү;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жамааттык коопсуздук системасын чыңдоо жана анын потенциалын арттыруу, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында эл аралык коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
- кадимки куралдарды контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашырууга катышуу, ошондой эле өз ара ишенимди бекемдөө боюнча чараларды ишке ашыруу;
- эл аралык тынчтыкты сактоо ишине катышуу, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосунда жана эл аралык (региондук) уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында;
- эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигине каршы багытталган аскердик-саясий максаттарда маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды пайдалануу тобокелдигин азайтууну камсыз кылуучу шарттарды түзүү.
5-глава. Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, алардын тынчтык жана согуш мезгилиндеги негизги милдеттери
21. Куралдуу Күчтөр Кыргыз Республикасынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу жана эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган.
22. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери, курамы жана саны мүмкүн болгон аскердик кооптуулуктардын жана коркунучтардын масштабына жана мүнөзүнө ылайык белгиленет.
23. Тынчтык мезгилинде Куралдуу Күчтөргө төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого даярдоо;
- аскердик-саясий кырдаалдын коркунучтуу өнүгүшүн жана Кыргыз Республикасына куралдуу кол салууга даярдык көрүүнү өз убагында аныктоо боюнча иш-чараларга катышуу;
- тынчтык мезгилинин штаттарында башкаруу органдарын жана аскерлерди өз убагында мобилизациялык жана ыкчам жайылтууну камсыз кылуучу деңгээлде күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармап туруу;
- терроризмге каршы күрөшүүгө катышуу;
- аба мейкиндигин кайтаруу жана коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык терроризмге каршы жана тынчтыкты орнотуу операцияларына катышуу;
- аймактык коргонууну уюштурууга катышуу;
- аскер кадрларын, контракт боюнча аскер кызматчыларын жана кенже адистерди даярдоо;
- мобилизациялык резервди даярдоо боюнча аскердик жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга катышуу;
- коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдууну уюштурууга катышуу;
- өзгөчө жана согуштук абалдын режимдерин колдоого катышуу;
- авариялардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда калкка жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларга катышуу.
24. Кыргыз Республикасына каршы агрессия болгон учурда Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- жарым-жартылай же толук мобилизациялык жана ыкчам жайылтуу иш-чараларын өз убагында аткаруу;
- куралдуу чыр-чатактарды өз алдынча же башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрү менен биргеликте локалдаштыруу жана нейтралдаштыруу;
- калкты, стратегиялык объекттерди, инфраструктураны агрессордун жок кылуучу каражаттарынын таасиринен, террористтик жана диверсиялык актылардан коргоого катышуу;
- согуштук абалдын режимин колдоого катышуу;
- аймактык коргонууну жүргүзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жамааттык коргонуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
25. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн алдында турган милдеттерди ишке ашыруу Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун, аймактык коргонуусун камсыз кылуу пландарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын буйруктарына жана директиваларына жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
26. Коргоого тартылуучу башкаруу органдары, кошуундар, бөлүктөр жана мамлекеттик органдардын мекемелери Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун жана аймактык коргонуусун камсыз кылуу пландарына ылайык Куралдуу Күчтөр менен өз ара аракеттенүүдө колдонулат, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өздөрүнүн ведомстволук милдеттерин өз алдынча чечет.
27. Кыргыз Республикасы өзүнүн Куралдуу Күчтөрүн агрессиянын мизин кайтаруу жана эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана конституциялык түзүлүшүнө кол салган ички коркунучтарды жоюу үчүн колдонууну мыйзамдуу деп эсептейт. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Куралдуу Күчтөр бир эле учурда гибриддик, асимметриялык жана башка келечектүү согуш аракеттерин жүргүзүүнүн ыкмаларын жана формаларын эске алуу менен күжүрмөн аракеттердин салттуу түрлөрүн жүргүзүүгө, террорго каршы жана тынчтыкты орнотуу операцияларын жүргүзүүдө милдеттерди аткарууга даярданат.
28. Куралдуу Күчтөр төмөнкүлөрдө колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн куралдуу коргоо, агрессиянын мизин кайтаруу жана агрессорду Кыргыз Республикасына каршы аскердик аракеттерди токтотууга мажбурлоо үчүн өз алдынча же коалициялык күчтөрдүн курамында аскердик чыр-чатактарда;
- эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана сепаратизмдин күчтөрүнүн мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн жок кылуу үчүн ички куралдуу кагылышууларда;
- каршылашкан тараптардын андан аркы согуштук аракеттерин болтурбоо, кырдаалды турукташтыруу жана адилеттүү тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн шарттарды камсыз кылуу үчүн тынчтыкты сактоо жана калыбына келтирүү боюнча операцияларда.
6-глава. Кыргыз Республикасынын аскердик курулушу
29. Кыргыз Республикасынын аскердик курулушунун башкы максаты болуп мамлекеттин натыйжалуу аскердик уюмун, анын ичинде тиешелүү куралдар жана аскердик техника менен жабдылган, материалдык-техникалык каражаттардын белгиленген запастары менен камсыз болгон жана тынчтык жана согуш мезгилинде коюлган милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү заманбап Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү түзүү болуп саналат.
30. Аскердик курулуштун негизги принциптери:
- мамлекеттин аскердик курулушуна көз караштардын ырааттуулугун сактоо;
- кризистик кырдаалдардын келип чыгуусунун алгачкы стадияларында аларды чечүүнүн аскердик эмес каражаттарын өнүктүрүүнүн артыкчылыгы;
- жеке башкаруу жана башкарууну борборлоштуруу принциптери менен айкалышкан аскердик курулуштун жүрүшүн натыйжалуу мамлекеттик жана жарандык контролдоо;
- аскердик коопсуздук коркунучтарын алдын алуу жана нейтралдаштыруу үчүн мамлекеттин коргонуу потенциалын жетиштүү деңгээлде сактоо;
- аскердик коопсуздуктун милдеттерин аткаруу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды комплекстүү пайдалануу.
31. Аскердик курулуштун негизги милдеттери:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы системасында тынчтык жана согуш мезгилинде мамлекеттин аскердик уюмун натыйжалуу башкаруу системасын өркүндөтүү;
- аскердик уюмдун компоненттеринин түзүмүн, курамын жана санын тынчтык жана согуш мезгилиндеги милдеттерге ылайык келтирүү;
- аскердик-экономикалык камсыз кылуунун материалдык базасын өнүктүрүү;
- алдында турган өз милдеттерин аткаруу үчүн дайыма даярдыктагы кошуундарды жана бөлүктөрдү комплекттөөнү камсыз кылуу;
- согуш мезгилинин шарттарында иштөө үчүн экономиканын, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын мобилизациялык даярдыгын өркүндөтүү;
- өлкөнүн аскердик коопсуздугу менен байланышкан мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү;
- мамлекеттик материалдык резервде, Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө турган куралдарды жана аскер техникасын, материалдык каражаттарды топтоо системасын уюштуруу;
- кадрларды даярдоонун, аскердик билим берүүнүн жана аскердик илимдин бирдиктүү улуттук системасын түзүү;
- аймактык коргонууну жана Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өркүндөтүү Резервдик түзүлүштөрдү жана жеке күзөт уюмдарын өнүктүрүү, ошондой эле аларды аскердик, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, аймактык коргонууну жана Жарандык коргонууну жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарууга катышуу үчүн даярдоо;
- куралдарды, аскердик жана атайын техниканы эксплуатациялоо жана оңдоо системасынын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө материалдык-техникалык, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуу;
- Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө материалдык-техникалык, социалдык жана медициналык камсыздоо түзүмдөрүн түзүү жана өркүндөтүү;
- аскердик-маалыматтык технологияларды өнүктүрүү;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн маалыматтык коопсуздук системасын өркүндөтүү;
- мобилизациялык базаны өнүктүрүү жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү жана органдарды мобилизациялык жайылтууну камсыздоо, ошондой эле мобилизациялык ресурстарды комплекттөө жана даярдоо методдорун өркүндөтүү.
7-глава. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куруу жана өнүктүрүү
32. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куруунун негизги принциптери:
- Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун теориясынын жана практикасынын ырааттуулугу, ошондой эле бул процесстердин илимий негиздүүлүгү;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү жалпы аскердик милдеттин негизинде, ошондой эле ыктыярдуу негизде контракт боюнча комплекттөө;
- курулуштун саясий, идеологиялык жана социалдык-экономикалык негиздерин коргоо жана коопсуздук жаатындагы мамлекеттин саясатынын жоболоруна негиз кылуу;
- өздүк курамдын патриоттук жана интернационалдык сезимдерине, анын жогорку адеп-ахлагына негизделген бекем аскердик тартипти камсыз кылуу;
- башкарууну борборлоштуруу жана жеке башкаруу;
- маалыматтык технологияларды, өзүнчө күжүрмөн машинага (ок атуу каражатынын эсеби) чейин башкаруунун бардык звенолорунда бирдиктүү байланыш системасын артыкчылыктуу өнүктүрүү;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүүдө, алардын курамын, курал жана аскердик техника менен жабдылышын аныктоодо сапаттык көрсөткүчтөрдүн артыкчылыгы;
- Куралдуу Күчтөрдү кургактагы жана абадагы агрессиянын мизин кайтарууга даярдоо, өсүп бараткан аскердик коркунучтарга адекваттуу түрдө алардын күжүрмөн күчүн жогорулатуу. Куралдуу Күчтөрдү күжүрмөн даярдыктын зарыл болгон деңгээлинде кармап туруу;
- коомдо аскердик эмгектин кадыр-баркын көтөрүү;
- аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн ардагерлеринин укуктарын сактоо жана социалдык жактан коргоо.
33. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куруунун негизги милдеттери:
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамын жана түзүмүн өркүндөтүү;
- болуп жаткан жана келечекте мүмкүн болуучу аскердик коркунучтарды өз убагында аныктоонун методдорун жана механизмдерин өркүндөтүү;
- мүмкүн болуучу агрессордун аракеттерин алдын алуу менен биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн аныкталган бөлүктөрдүн жана бөлүнүштөрдүн күжүрмөн даярдыгын зарыл болгон деңгээлде кармоо жана жогорулатуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн башкаруу органдарынын, кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарууну камсыз кылуучу абалда кармоо;
- ыкчам, күжүрмөн, атайын жана мобилизациялык даярдыктын сапатын жогорулатуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн башкаруу органдарынын, кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн коргонууну уюштурууга тартылган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
- куралдардын, аскердик жана атайын техниканын заманбап үлгүлөрү (материалдык-техникалык каражаттар) менен камсыз кылуу, аларды сапаттуу өздөштүрүү;
- куралдуу күрөштүн заманбап каражаттарынын негизинде тирешүү күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана өнүктүрүү;
- душмандын жогорку тактыктагы куралдарына, чалгындоо жана сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттарына каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларын жана каражаттарын киргизүү;
- аскердик билим берүү, кадрларды даярдоо жана Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн өздүк курамын тарбиялоо системаларын өркүндөтүү;
- Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү белгиленген мөөнөттө мобилизациялык жайылтууну камсыздоочу мобилизациялык даярдык системасын түзүү;
- операциялык багыттар боюнча эшелондолгон аскердик инфраструктура системасын түзүү;
- катардагы жана сержанттык курамдын кызмат орундарын контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары менен артыкчылыктуу комплекттөө аркылуу контракт боюнча жана чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары менен комплекттөө системасын өркүндөтүү;
- калкты даярдоо системасын өркүндөтүү.
8-глава. Кыргыз Республикасын мобилизациялык даярдоо жана анын мобилизациялык даярдыгы
34. Тынчтык мезгилде Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү мобилизациялык жайылтууну камсыз кылуу жана аскердик аракеттеринин жүрүшүндө жоготууларынын ордун толтуруу максатында план ченемдүү аскердик даярдык жана мобилизациялык резервдин аскерге милдеттүүлөрүнүн зарыл санын топтоо жүргүзүлөт.
35. Аскердик-окутулган резервдерди даярдоо жана топтоо системасы согуш мезгилинде түзүлүүчү топторго, аларды эшелондоого, жайгаштырууга жана ыкчам дайындоого жараша түзүлөт. Аскердик-окутулган ресурстар чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөө мезгилинде жана аскердик жыйындарда даярдалат.
36. Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүлүштөр жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар үчүн аскердик-окутулган мобилизациялык резервди даярдоону, запаста топтоону жана чакырууну пландоого жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жүзөгө ашырат.
37. Кыргыз Республикасынын калкын даярдоонун максаты болуп куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен байланышкан экстремалдык кырдаалдардагы, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө жана аскердик абалдын шарттарындагы аракеттерге алардын даярдыгын камсыз кылуу саналат.
38. Калкты даярдоонун артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарында патриоттук жана жарандык парз сезимдерин, Мекенди сүйүүгө тарбиялоо;
- калкты аймактык коргонууга катышууга даярдоо;
- калкты өлкөнү коргоо кызыкчылыгында аймакты жабдууга катышууга даярдоо;
- жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо системасын өркүндөтүү;
- жарандардын Мекенди коргоого моралдык-психологиялык даярдыгын калыптандыруу;
- өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө жана аскердик абалдардын шарттарындагы аракеттерге даярдануу;
- өлкөнүн экономикалык жана коргоо-өнөр жай комплекси үчүн кесиптик эмгек ресурстарын даярдоо.
39. Калкты даярдоо алдын ала, ошондой эле согуш мезгилиндеги шарттарда ишке ашырылат. Ал калкты коргоого, согуш мезгилиндеги жоготууларды жана кыйроолорду азайтууга, экономика объекттеринин туруктуу иштешин жогорулатууга жана адамдардын жашоо-турмушун камсыздоого, кыйроо очокторунда жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө багытталган аймактык коргонуу жана Жарандык коргонуу иш-чараларынын комплексин жүргүзүүнү камтыйт.
40. Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу кызыкчылыктарында аны жабдуу, мамлекеттин аскердик инфраструктурасынын бирдиктүү системасын түзүү максатында аймактык коргонууну жүргүзүү болуп саналат, ал коркунуч туудурган багыттардын кайсынысында болбосун аскерлер (күчтөр) тарабынан аскердик аракеттерди ийгиликтүү ыкчам жайылтууну жана жүргүзүүнү камсыз кылат.
41. Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуунун артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, туруктуу даярдыктагы кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн жайгашуусу жана иштеши үчүн шарттарды түзүү;
- башкаруунун, байланыштын жана навигациянын мамлекеттик системасын даярдоо;
- жерди жана аскерлерди башкаруу пункттарын инженердик жабдуу;
- Куралдуу Күчтөрдүн иш-аракеттери мүмкүн болгон райондордо жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында аскердик инфраструктура жана транспорттук коммуникациялар объекттерин түзүү;
- материалдык каражаттардын мамлекеттик жана ыкчам запастарын сактоо үчүн базалардын жана кампалардын системасын өнүктүрүү;
- аскердик техниканы жана куралдарды оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн оңдоо ишканаларынын тармагын түзүү;
- медициналык мекемелердин тармагын жайылтууга даярдык.
9-глава. Коргонууну аскердик-экономикалык камсыз кылуу
42. Аскердик-экономикалык камсыз кылуунун башкы максаты болуп Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн финансылык каражаттарга, материалдык-техникалык ресурстарга, куралдарга жана аскердик техникага болгон керектөөлөрүн өз убагында жана толук канааттандыруу жана коргонуу потенциалын жетиштүү коргонуу деңгээлинде кармап туруу үчүн шарттарды түзүү саналат.
43. Аскердик-экономикалык камсыз кылуунун негизги принциби болуп аскердик курулушту жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылууга тартылган мамлекеттик органдарды өнүктүрүүнү кепилденген программалык-максаттуу каржылоо саналат.
44. Аскердик-экономикалык камсыз кылуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- аскердик экономиканын тармактарын этабы менен түзүү жана өнүктүрүү. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн керектөөлөрүн эске алуу менен өлкөнүн коргонуу-өнөр жай комплексин түзүү жана өнүктүрүү;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техника менен жабдуу боюнча иш-чараларды финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну пландоо;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ооруктук, медициналык жана техникалык жактан камсыз кылуу системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттин мобилизациялык резервинде материалдык каражаттардын запастарын жана биринчи кезекте азык-түлүк товарларын, буюм мүлкүн жана мунайзаттарын түзүү жана өз убагында жаңылоо;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн аскердик аракеттерди жүргүзүүсүн камсыз кылуучу материалдык каражаттардын запастарын түзүү, өз убагында жаңылоо жана эшелондоп жайгаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык даярдыгын өркүндөтүү;
- куралды жана аскердик техниканы унификациялоо жана модернизациялоо;
- куралдарды, аскердик жана атайын техниканы коргоо, күтүү жана сактоо системасын өркүндөтүү;
- куралдарды, автомобилдик жана сооттолгон танк техникасын оңдоонун улуттук базасын түзүү жана өркүндөтүү;
- ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды толуктоону жана алмаштырууну уюштуруу;
- согуш мезгилинин штаттары жана ченемдери боюнча мобилизациялык жайылтуунун жүрүшүндө Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар, техника жана материалдык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
- аскер кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер кызматынан бошотулган жарандарга мыйзамда белгиленген кепилдиктерди ишке ашыруу.
45. Материалдык каражаттар менен камсыз кылуунун негизи болуп тынчтык мезгилде Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоону камсыз кылуучу материалдык каражаттарды өндүрүү, топтоо, сактоо, күтүү жана жаңыртуу, ошондой эле аларды мобилизациялык, ыкчам жайылтуу жана согуш убагында согуштук аракеттерди жүргүзүү саналат.
46. Кыргыз Республикасын коргоо аскердик коркунучтун адекваттуу деңгээлинде мамлекетти мобилизациялоону өз убагында жүргүзүүгө негизделет.
47. Экономиканы, мамлекеттик органдарды жана уюмдарды мобилизациялык даярдоонун максаты болуп аларды согуш мезгилинин шарттарындагы жумуштарга которууга алдын ала даярдоо, Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле согуш мезгилиндеги мамлекеттик муктаждыктарды жана калктын муктаждыгын камсыз кылуу саналат.
48. Мобилизациялык даярдыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын экономикасын даярдоонун мобилизациялык пландарын, облустардын, райондордун, шаарлардын жана уюмдардын мобилизациялык пландарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн керектөөлөрүн, ошондой эле согуш мезгилиндеги калктын муктаждыктарын канааттандырган продукцияны өндүрүүнүн мобилизациялык кубаттуулуктарын түзүү;
- мобилизациялоо боюнча Куралдуу Күчтөргө жеткирүү үчүн арналган техниканы даярдоо;
- мамлекеттик материалдык резервдин жетиштүү запастарын топтоо;
- мобилизациялоо мезгилинде жана согуш мезгилинде иштөөгө финансылык жана салык системаларын даярдоо;
- мамлекеттик органдардын башкаруу пункттарын өркүндөтүү.
49. Коргоого чыгымдарды каржылоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен уюштурулат:
- мобилизациялоонун материалдык базасын, пландалган мобилизациялык, ыкчам жайылтууну жана мүмкүн болуучу согуштук аракеттерди артыкчылыктуу каржылоо;
- аскердик коопсуздукту камсыз кылуучу, анын ичинде террорго каршы жана башка атайын операцияларды жүргүзүү үчүн финансылык каражаттардын резервин түзүү;
- Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү коргоо жетиштүүлүгүн камсыз кылуучу деңгээлде программалык-максаттуу каржылоо.
50. Кыргыз Республикасы чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыкты тышкы саясий, экономикалык жана аскердик-техникалык максатка ылайыктуулуктун негизинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин алкагында жүзөгө ашырат.
Аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн куралдарын жана аскердик техникасын, материалдык каражаттарын унификациялоо жана стандартташтыруу;
- куралдардын жана аскердик техниканын заманбап түрлөрүн өз ара пайдалуу шарттарда сатып алуу жана берүү;
- өз ара пайдалуу шарттарда аскердик инфраструктураны өркүндөтүү;
- Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн персоналын аскердик-техникалык даярдоо.
10-глава. Корутунду
Аскердик доктринанын жоболорун ишке ашыруу өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдейт жана Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө аскердик коопсуздукка болгон коркунучтарга адекваттуу жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.
Ушул Аскердик доктринада баяндалган аскердик курулушка, мамлекетти коргонууга даярдоого, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууга карата көз караштар жана мамилелер аскердик-саясий кырдаалдын өзгөрүшүн, аскердик кооптуулуктун жана аскердик коркунучтун мүнөзүн эске алуу менен такталат жана Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында конкреттештирилет.