Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясы
2016-жылдын 10-майы № 23/6
М.Базаркулов атындагы орто мектебинин эски курулуш материалдары жөнүндө
Кара-Бүргөн айылындагы М.Базаркулов атындагы орто мектебинин имараты азыркы учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги аркылуу түрткү берүүчү гранттын эсебинен толук ремонттон өткөрүлүп жатат. Имараттын эски курулуш материалдарын чарбалык иштерге пайдалануу зарылчылыгы бар.
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Базаркулов атындагы орто мектебинин эски курулуш материалдарын баалоо үчүн көз карандысыз баалоочулар тартылсын.
2. Көз карандысыз баалоочулар баалагандан кийин материалдар сатууга сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | У.Кыдыров |