Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 15-августу ПЖ № 193
Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө
Кыргыз искусствосу дүйнөлүк маданияттын казынасына олуттуу салымын кошту. Кыргыз элинин маданияты жана искусствосу 20-кылымдын ортосунда эң жогорку деңгээлге жеткен. Кыргыз жазуучуларынын, сүрөтчүлөрүнүн, артисттеринин, кинематография өкүлдөрүнүн ысымдары биздин өлкөнүн чегинен тышкары да кеңири белгилүү жана урматталат.
Соңку үч он жылдыкта Кыргызстандын маданият чөйрөсүндө мамлекеттик колдоонун, өзгөчө каржылоо маселелеринин жетишсиздигинин кесепетинен кризистик кырдаалдар пайда болду.
Бир нече жылдар бою бюджеттик ассигнованиелердин жоктугунун себебинен маданият мекемелери сапаттуу социалдык-маданий жана эс алуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууларды, материалдарды жана башка ресурстарды албай келген. Колдо болгон техникалык каражаттар өтө эскирип, моралдык жактан эскилиги жеткен жана заманбап талаптарга жооп бербей калган. Маданият уюмдарынын муктаждыктарына транспортту, жабдууларды жана техникалык каражаттарды сатып алуу үчүн максаттуу каржылоо иш жүзүндө токтотулган.
Республиканын тарыхый-маданий мурасын сактоо проблемасы жалпысынан акыркы 30 жылдын ичинде коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүшү менен көз карандысыздык жылдарында да кыйла күчөгөн.
Өлкөнүн архитектура эстеликтерин сактоодо олуттуу кырдаал түзүлдү: талаптагыдай күтүүнүн, мониторингдин жана коргоо чараларынын жоктугу алардын интенсивдүү бузулушуна алып келди.
Кесиптик искусство жаатында да чоң проблемалар топтолду.
Курч проблемалардын бири болуп музыкалык аспаптар, адистештирилген жабдуулар менен жабдуу жана театрдык жана концерттик костюмдар менен камсыз кылуу саналат. Концерттик жана театрдык жамааттар гастролдук ишти жетиштүү деңгээлде жүзөгө ашыруу, кызматкерлерди стажировкаларга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Мамлекет иш жүзүндө өлкөнүн чыгармачыл бирликтерине талаптагыдай көңүл бурган эмес. Клубдук мекемелердин материалдык-техникалык базасы өтө начарлаган.
Республиканын көпчүлүк китепканаларынын материалдык-техникалык жактан жабдылышы канааттандырарлык эмес абалда. Колдо болгон китеп фонддорунун жарымынан көбү моралдык жактан эскирген жана бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт.
Республиканын музейлеринин фонддорун жаңы экспонаттар менен толуктоо, жаңы жабдуулар менен камсыздоо проблемасы бышып жетилди. Масштабдуу музейлик долбоорлорду ишке ашырууга каражаттар бөлүнбөй келгенин белгилей кетүү керек.
Өлкөнүн көпчүлүк музейлеринин имараттары капиталдык оңдоого муктаж, музейлик экспозицияларды жаңылоо зарыл.
Маданий мурасты сактоо жана калыбына келтирүү, маданий баалуулуктарды толуктоо, маданият уюмдарын маалыматташтыруунун техникалык каражаттары менен камсыз кылуу, илимий ишти өнүктүрүүгө, жабдууларды сатып алууга, кадрлардын квалификациясын жогорулатууга ассигнованиелерди бөлүү боюнча чаралар каралган эмес.
Маданият жаатында түзүлгөн кырдаал жарандардын, айрыкча өсүп келе жаткан муундун маданиятка, билим берүүгө кызыгуусунун жоктугун жаратат, агрессия, зомбулук, адеп-ахлаксыздык көрүнүштөрүн пайда кылат, калктын маданий деградациясына алып келет, бул өз кезегинде Кыргызстан элинин салттуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарынын жоголушуна алып келет.
Азыркы учурда маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталган чараларды көрүүнүн өтө зарылдыгы бышып жетилди.
Маданият чөйрөсүндөгү негизги милдеттердин катарына төмөнкүлөр кирет: маданият чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү; тарыхый-маданий мурасты сактоо жана өнүктүрүү; кесиптик искусствону өнүктүрүү; маданият жана искусство уюмдарынын кадрдык потенциалын жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
Республиканын маданий ресурстарын өздөштүрүүнүн негизинде улуттук биримдикти камсыздоо, ар тараптуу өнүккөн инсанды калыптандыруу жана маданият, искусство, спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардын керектөөлөрүн толук канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети беш айлык мөөнөттө чыгармачыл бирликтерге мамлекеттик заказдарды камсыз кылуу менен Маданиятты, искусствону жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын жана тиешелүү финансылык коштоо менен аны Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |