Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 10-октябры ПЖ № 253
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Судьялардын штаттык саны өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулсун:
- Ош облусунун административдик сотуна
Калдыбаев Руслан Джаныбекович Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан;
- Жалал-Абад облусунун административдик сотуна
Колопов Эдуард Сексенбаевич Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;
- Чүй облусунун административдик сотуна
Джээнбекова Аида Бекеновна Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунан;
- Бишкек шаарынын административдик сотуна
Эшалиев Азис Маратович Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |