Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 262 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (мындан ары - мамлекеттик органдар/ЖӨБ органдары) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын (мындан ары - кызматчылар) карьералык жогорулоосун башкаруунун шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ушул Типтүү жобонун колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.
3. Ушул Типтүү жободо пайдаланылуучу терминдер:
- кызмат ордунда өсүү (жогорулоо) - кызматчы мурда ээлеген кызмат ордуна караганда административдик кызмат орундардын бир топ жогорку категориясына же тобуна кирген кызмат ордун ээлөө;
- кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планы - ар бир кызматчыга карьералык өсүүнүн (жогорулоонун) максаттарынын сыпаттамасын камтыган документ;
- кызматчынын карьералык жогорулоосун пландоо - кызматчынын карьералык өсүүсүнө (жогорулоосуна) көмөк көрсөтүүгө багытталган максаттарды, милдеттерди коюу жана иш-аракеттерди аныктоо менен байланышкан иштин түрү;
- кызматчынын жогорулоо схемасы - кызмат ордун (пландалган) ээлегенге чейин ээлөөгө тийиш мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызмат орундарынын ырааттуулугу;
- карьералык жогорулоо траекториясы (карьералык траектория) - мамлекеттик жарандык кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын кызмат орундары боюнча которулуусунда кызматчы турган жана/же боло турган кызматтык позициялар.
4. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта карьералык пландоо кызматчылардын өнүгүү жана жогорулоо этаптарын аныктоо процесси болуп саналат.
5. Кызматчылардын карьералык жогорулоосунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызматчылардын кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу;
- мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кесипкөй кадрларга болгон муктаждыктарын өз убагында камсыз кылуу.
6. Кызматчылардын карьералык жогорулоосун пландоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын жана кызматчынын өз ара байланышына жетишүү;
- карьералык жогорулоону өлчөө критерийлерин калыптандыруу;
- кызматчынын карьералык мүмкүнчүлүгүн изилдөө;
- пайдаланылышы мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызматчыларга болгон сандык жана сапаттык муктаждыктарын канааттандырган карьералык жогорулоонун жолдорун аныктоо.
7. Кызматчыларда карьералык пландоо төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
- туруктуулук жана укук улантуучулук;
- үзгүлтүксүздүк жана дайыма;
- кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк;
- кесипкөй сиңирген эмгегинин негизинде кызматы боюнча жогорулоо.
8. Карьералык жогорулоонун негиздери:
- ишин баалоонун (аттестациянын) натыйжалары;
- кызматчылардын карьерасын өнүктүрүү планы;
- кызматчынын квалификациясынын жогорулоосу.
9. Кызматчылардын жогорулоосу үчүн шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
- бош кызмат орундардын болушу;
- бош кызмат орундун квалификациялык талаптарга ылайык келиши.
10. Персоналды башкаруу кызматы же мамлекеттик органдардын/ЖӨБ органдарынын (ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдөрдүн) персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамы:
- мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын персоналынын сандык жана сапаттык курамына болгон муктаждыктарын аныктайт;
- кызматчылардын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгат жана ишке киргизет.
II. Кызматчылардын карьералык жогорулоосун пландоонун негизги этаптары
11. Карьералык өсүүнү пландоо үч этапта жүргүзүлөт:
1) даярдоо этабы - кызматчынын карьералык мүмкүнчүлүгүн талдоо;
2) кызматчылардын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгуу этабы;
3) карьералык жогорулоонун планын ишке ашыруу этабы.
12. Даярдоо этабында ар бир кызматчынын карьералык мүмкүнчүлүгүн баалоо жана кызматчынын карьералык умтулууларын мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кадрларга болгон муктаждыктары менен салыштыруу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кадрларга болгон муктаждыктарын аныктоо кадрдык пландоонун алкагында жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кадрларга болгон муктаждыктарын талдоодо кызматчылардын абалын баалоо жана кызматчы кадрлардын кетишинин болжолу, мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын уюштуруу түзүмүндөгү жана (же) штаттык санынын өзгөрүшүнүн болжолу, штаттын квалификациялык түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдүн болжолу жана башка факторлор эске алынат.
Кызматчынын карьералык мүмкүнчүлүгүн инсандын карьералык жетишкендиктерге багытталган ички ресурстарынын жыйындысы катары баалоо мамлекеттик жарандык кызматка жана/же муниципалдык кызматка кабыл алынганда, кезектеги аттестацияда, мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кадрларынын резервине кирүү үчүн сынакка катышканда, ошондой эле ротацияны эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бөлүмдүн жетекчиси, персоналды башкаруу кызматынын адистери алдын ала оң баа берген учурда аңгемелешүү өткөрүлөт, ал кызматчы мамлекеттик орган/ЖӨБ органы чечип жаткан милдеттерге карата өзүнүн мамилесин, өз милдеттерин кеңейтүү мүмкүндүгүн жана ушуга байланыштуу кошумча даярдыктын зарылдыгын ачып бергендей түзүлөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси тарабынан кызматчынын мүмкүнчүлүктөрү жана кызыккан кызмат орундарына карата талаптар салыштырылат, карьералык жогорулоонун мүмкүн болгон максаттары реалдуу болуп эсептелери жана мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын суроо-талаптарына ылайык келери аныкталат.
13. Жеке планды иштеп чыгуу этабында карьералык жогорулоонун траекториясы катары пландоо инструменти колдонулат, ал мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын спецификалык өзгөчөлүктөрүнө олуттуу көз каранды.
Кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгуу мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын персоналды башкаруу кызматы (же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) тарабынан тиркемеге ылайык жүзөгө ашырылат.
Кызматчынын жогорулоосун пландоо кызмат ордуна дайындалган учурдан тартып жакынкы үч жылда жүзөгө ашырылат.
Карьералык өсүү планын түзүү үчүн негиз болуп кызматкердин өндүрүштүк ишин жана жүрүм-турумун мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн болушу, мотивация, акыркы бир нече жыл ичинде сапаггуу жана натыйжалуу эмгек, аттестациялык же конкурстук комиссиянын корутундусу болушу мүмкүн.
Карьералык жогорулоонун жеке планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кызматчы жөнүндө жалпы маалыматтар: аты-жөнү, туулган датасы, кызмат ордунун жана мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы, кызмат орундарын ээлеген тобу, кошумча кесиптик билими жөнүндө маалыматтар, карьералык жогорулоонун жеке планы бекитилген мезгил, башка маалыматтар;
- кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын кызмат орундары боюнча жогорулоосунун схемасы;
- максаттуу (пландалган) кызмат ордун ээлөөдөн мурда ээлөөгө тийиш болгон мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызмат орундарынын ырааттуулугу.
14. Планды ишке ашыруунун этабында кызматчы белгиленген тартипте максаттуу (пландалган) кызмат ордуна дайындалат же болбосо квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызмат орундарынын тобу боюнча кадрлар резервине киргизилет.
Кызматчы тарабынан карьералык жогорулоонун жеке планын ийгиликтүү ишке ашырууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:
- кызматчынын кызматтык милдеттерин аткаруусу;
- кызматтык милдеттердин алкагында түздөн-түз жетекчи менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, анткени дал ушул кызматчынын ээлеген кызмат ордундагы ишин жана анын мүмкүнчүлүгүн баалайт, жогорулоо жөнүндө чечим кабыл алат жана кызматчынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон ресурстарга ээ болот;
- кызматчынын карьералык жогорулоосу үчүн зарыл болгон кесиптик өнүгүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү аткаруусу;
- кесиптик өнүгүүнүн бардык жеткиликтүү каражаттарын гана пайдаланбастан, жаңы алган көндүмдөрүн, билимдерин көрсөтө билүүсү.
Мамлекеттик орган/ЖӨБ органы тарабынан кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планын ийгиликтүү ишке ашырууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:
- кызматчыларды которуунун, ротациялоонун, кызматчыларды өз демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча), иш берүүчүнүн демилгеси боюнча, тараптардын эркине карабаган себептер боюнча же болбосо тартиптик жоопкерчиликтин натыйжасында бошотулуучу бош кызмат орундардын болушу;
- кесиптик өнүгүү иш-чараларын өз убагында ишке ашыруу;
- мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын уюштуруу жана кызматтык түзүмүнүн салыштырмалуу туруктуулугу;
- күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн кызматчыга карата тартиптик таасир этүү чараларын (жаза чараларын) колдонуу жөнүндө маалымат.
15. Кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планы эки нускада түзүлөт, анын бири кызматчынын өздүк ишинде, экинчиси кызматчыда сакталат.
План жыл сайын каралып турат. Зарыл болгон учурда Планга өзгөртүүлөр киргизилет.
16. Мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кадрларга болгон муктаждыктарын аныктоо, кадрдык пландоо, талдоо, кызматчылардын кадрларынын кетишинин абалын баалоо жана болжолдоо, штаттын квалификациялык түзүмүнүн өзгөрүшүн болжолдоо үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын персоналды башкаруу кызматынын жетекчисине (же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга) жүктөлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө типтүү жобого тиркеме |
Кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке ПЛАНЫ
Мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызматчысынын карьералык жогорулоосунун траекториясы (карьералык траектория)
| Мамлекеттик жарандык кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын кызмат орундары боюнча карьералык жогорулоонун траекториясы | Кызмат орундардын тобу | Кызмат орундардын категориясы (жетекчилер, адистер) | Кызмат орундардын топторуна/кызмат орундарга квалификациялык талаптар(*) | Кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон кесиптик өнүгүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) Мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ар бир административдик кызмат орун боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген типтүү квалификациялык талаптардын негизинде квалификациялык талаптарды бекитет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын кызмат орундары боюнча кызматчынын вертикалдуу жогорулоосунун схемасы
№ | Ээлеген кызмат орду | Негизги квалификациялык талаптар | Дайындоо датасы | МЖК жана МК стажы(*) | Карьераны өнүктүрүүнүн аралыктагы этаптары (кызмат орундарын ээлөө) кызмат орундарын ээлөө үчүн төмөнкү жылдардан кийин коюлуучу негизги квалификациялык талаптар: | Ээлөө үчүн пландалган (максаттуу) кызмат орундун аталышы/пландалган (максаттуу) кызмат ордун ээлөө үчүн коюлуучу негизги квалификациялык талаптар | ||
1 жыл | 3 жыл | 5 жыл | ||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) МЖК жана МК - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана/же муниципалдык кызматтын кызмат орундары боюнча кызматчынын горизонталдык жогорулоосунун схемасы
Ээлеген кызмат орду | Негизги квалификациялык талаптар | Дайындоо датасы | МЖК жана МК стажы(*) | Пландалган кызмат орундун аталышы | ||
20___-ж. | 20___-ж. | 20___-ж. | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) МЖК жана МК - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат.