Сравнение редакций…
2-тиркеме |
| |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (мындан ары - Архив) Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтерин туруктуу сактоону жана пайдаланууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
2. Архив Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы) административдик баш иет жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын архив кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара аракеттенет.
3. Архив юридикалык жак болуп саналат, бюджеттик каржылоодо турат, алыш-бериш жана атайын эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар.
4. Архив өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана архив иши боюнча методикалык документтерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Архивдин документтеринин курамы
5. Архивдин документтеринин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин иш процессинде түзүлгөн документтер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) иши менен байланышкан документтерди кошпогондо, Президенттин Администрациясынын иш процессинде түзүлгөн документтер;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш процессинде түзүлгөн документтер;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жеке архивинин документтери;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине тиешелүү башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке жактардын документтери;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин чагылдырган кино, фото жана аудио, видео материалдар;
7) жеке курам боюнча документтер;
8) мамлекеттин менчигине келип түшкөн жеке мүнөздөгү документтер;
9) өзгөчө баалуу документтердин камсыздандыруу фонду;
10) Архивдин документтеринин курамын жана мазмунун ачып берүүчү илимий-маалымдама аппараты (иштердин тизмелери, көрсөткүчтөр, каталогдор, маалымдамалар, баяндамалар ж.б.);
11) басылмалар.
3-глава. Архивдин негизги милдеттери
6. Архивдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Архивди Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтери менен комплекттөө;
2) туруктуу мамлекеттик сактоодо турган документтердин сакталышын жана мамлекеттик эсепке алууну камсыз кылуу;
3) мамлекеттик жана кызматтык сырды камтыган документтер менен иштөөдө жана аларды сактоодо жашыруундуулук режимин сактоо;
4) документтердин камсыздандыруу фондун түзүү;
5) документтердин автоматташтырылган маалыматтык-издөө системасын (электрондук архив) түзүү жана өркүндөтүү;
6) Архивдин документтерин пайдаланууну жана жарыялоону уюштуруу;
7) Президенттин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын жана ведомстволук архивдеринин ишин уюштуруучулук-методикалык жактан жетектөө.
4-глава. Архивдин функциялары
7. Архив өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) документтердин баалуулугуна илимий экспертиза жүргүзөт, аларды туруктуу мамлекеттик сактоого тандап алат, ошондой эле аларды илимий-техникалык иштеп чыгат жана сыпаттайт;
2) документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алат;
3) документтерди туруктуу сактоону жүзөгө ашырат;
4) документтерди реставрациялоону жана камсыздандырылган көчүрүүнү жүргүзөт;
5) мамлекеттик жана ведомстволук сактоодо турган документтерди мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте Борбордук фонддук каталогго киргизүү үчүн республикалык архив ишин башкаруу органына маалыматтарды берет;
6) документтердин маалыматтык-издөө системасын (электрондук архив) иштеп чыгат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде документтердин сакталышын камсыз кылуу боюнча талаптарды белгиленген тартипте аныктайт;
8) Президенттин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын өркүндөтүүгө катышат, аны колдонуу боюнча илимий-методикалык жетекчиликти камсыз кылат;
9) республикалык архив ишин башкаруу органы тарабынан иштелип чыккан архив иши боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышат жана тиешелүү тартипте архив иши жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
10) өзүнүн компетенциясынын чегинде Архивдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин ишинде пайдалануу үчүн методикалык окуу куралдарды иштеп чыгат жана бекитет;
11) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекемелер менен биргеликте иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарын жана ведомстволук архивдерди өркүндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалын жана ведомстволук архивдердин ишин кароону жүргүзөт;
12) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекемелер тарабынан архив иши жаатындагы мыйзамдардын сакталышына контроль жүргүзөт;
13) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарды жана мекемелерди кайра уюштурууда жана жоюуда документтерди сактоо жайы жөнүндө корутундуну белгиленген тартипте берет;
14) Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык документтерге жетүү мүмкүндүгүнө чектөөлөрдү алып салуу боюнча ишти жүргүзөт;
15) колдонуучуларга суроо-талап кылынган ретроспективдүү маалыматты берет;
16) мекемелердин жана жарандардын архив документтери боюнча тематикалык жана социалдык-укуктук суроо-талаптарын аткарат;
17) Архивдин, ведомстволук архивдин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат.
5-глава. Архивдин укуктары
8. Алдыда турган милдеттерин чечүү үчүн Архивге төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен Архивдин иш планын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) Архивди комплекттөө мекеме-булактарынын курамын аныктоого;
3) Архивди комплекттөө мекеме-булактарынан аларда болгон Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондунун документтеринин курамы жана көлөмү, аларды сактоо жана пайдалануу шарттары жөнүндө маалыматтарды алууга;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарга жана мекемелерге Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын, пайдаланылышын камсыз кылууда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) өндүрүштүк кеңешменин жыйналыштарында Архивдин башчысынын катышуусунда ведомстволук архивдердин иши жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө маселелерди кароого;
6) архив мыйзамдарын бузууга күнөөлүү кызмат адамдарын жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени белгиленген тартипте коюуга;
7) ведомстволук архивдерге жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарына белгиленген тартипте барууга;
8) архивдик (анын ичинде чет өлкөлүк) жана башка илимий мекемелер жана уюмдар менен илимий жана ишкердик кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
9) зарыл учурларда акы төлөө менен Архивге профилдик коллекцияларды, айрым документтерди жана архивдик фонддорду юридикалык жактардан жана жарандардан сатып алууга;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана башка уюмдардан зарыл болгон архивдик документтерди, ошондой эле маалыматтык, аналитикалык жана статистикалык материалдарды алууга;
11) мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине зарыл болгон маалымкаттарды жана документтердин көчүрмөлөрүн суроого;
12) Архивдин иши үчүн зарыл болгон иштерди аткарууга юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, прейскурантка ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле келишимдик негизде кызматтарды көрсөтүүгө;
13) архив ишин башкаруунун республикалык органынын коллегиалдуу органдарынын ишине белгиленген тартипте катышууга.
6-глава. Архивди башкаруу
9. Архивдин уюштуруу түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.
10. Архивди Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башчы жетектейт.
Архивде башчынын орун басарынын кызматы каралган.
11. Архивдин башчысынын орун басары жана Архивдин түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы Архивдин башчысынын сунушу боюнча жана Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Архивдин башка кызматкерлери Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча Архивдин башчысы тарабынан дайындалат жана бошотулат.
12. Архивдин башчысы:
1) өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Архивдин иш тартибин аныктайт;
3) Архивдин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт жана кызматтык нускамаларын бекитет;
4) Архивдин ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
5) Архивдин кызыкчылыктарын коргойт жана ар кандай уюмдарда, мекемелерде анын атынан чыгат.
13. Архивде Президенттин Архивинин башчысынын алдында өндүрүштүк кеңешме, эксперттик-текшерүү жана методикалык комиссия (ЭТМК) иштейт, алар жөнүндө жоболор жана алардын курамы архивдин башчысы тарабынан бекитилет.
7-глава. Архивдин материалдык-финансылык базасы
14. Архивдин материалдык-финансылык базасын негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан жана башка баалуулуктардан турган анын мүлкү түзөт.
15. Архивдин финансылык базасы төмөнкүлөрдөн турат:
1) республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар;
2) прейскурантка ылайык, ошондой эле келишимдик негизде акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасында алынган каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
16. Архив Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзөт. Бардык каржылоо булактарынан Архивди күтүүгө каражаттарды чыгымдоо Архивдин башчысы түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык жүзөгө ашырылат.