Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25- августу № 23
Кыргыз Республикасынын каттоо кызматынын калкты жана граждандык абалын каттоо департаментинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Каттоо кызматынын калкты жана граждандык абалын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимге ылайык Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат
1 Кыргыз Республикасынын каттоо кызматынын калкты жана граждандык абалын каттоо департаментинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалымат жыйноо боюнча айрым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүлсүн.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүң аппаратынан каттоодон өткөрүлүп « jumgal.kg» сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б..Жусуповго милдеттендирилсин
Төрага | Б.Шурубеков |