Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-ноябры № 30 \ 2
Сары-Камыш айылындагы К.Ормокеев атындагы мектебинин алдындагы уюштурулган балдар бакчасына Бекназарова Зыбагулдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара –Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Камыш айылынын тургундарынын жыйынын 15.09.2012-жыл № 1 протоколунун “Сары-Камыш айылындагы бала бакчага ардагер мугалим Бекназарова Зыбагулдун ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” токтому бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Камыш айылындагы бала бакчага ардагер мугалим Бекназарова Зыбагулдун ысмы ыйгарылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сары-Камыш айылынын айыл башчысы Т.Бакыевге тапшырылсын. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- И.Абжапаров.
Төрага | И.Абжапаров |