Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 30-декабры № 26 \ 3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жана 9 (тогуз) айынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетинин 6 (алты) -айынын жана 9 (тогуз)- айынын аткарылышы жөнүндө депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 29.12.2016-жыл № 4 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен киреше болугу 12.293.200 сом, чыгаша болугу 12.100.733 сомго аткарылгандыгы, оөондой эле 2016-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен киреше болугу 18.640.900 сом, чыгаша болугу 17.417.285 сомго аткарылгандыгы жана айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 6 (алты) айынын, 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышы канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жана 9 (тогуз) айынын аткарылышында финансалык документтерди толук бербеген айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана юридикалык жактар 10-январь 2017-жылга кайрадан тактап комиссиянын курамына тапшырууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловго жуктолсун.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укукутук негизги-принциптери жөнүндөгү мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү мыйзамдарын жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана юридикалык жактарга айыл өкмөтүнүн 2016-жыл бюджетинен берилген акча каражаттары эффективдүү, багыттуу иштетилиши жөнүндө маалымат документтерди камсыздоо, акча каражатын иштеткен аткаруучулардын документтерин талапка ылайыкташтыруу жана айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджети жөнүндө айыл-айылдарда элдик коомдук угууларды 2017-жыл январь айында өткөрүү, бюджеттик талкулоону уюштурууга толук шарттарды түзүү,1-февраль 2017-жылдан кечиктирбей бюджеттик туруктуу комиссияга сунуштоону камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык болумдун башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.
4. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин салыктын кошумча булактарын издеп табуу боюнча иштектуу чараларды коруу,муниципалдык менчиктин рээстрин тузуу,муниципалдык менчиктин классификациясын тузуу, муниципиалдык жерлерди, имараттарды (мончо, чайхана) ижарага берүуну камсыздоо, мамлекеттик фондунун жерлерин эффективдуу пайдалануу менен өз убагында ижарага берүуну камсыздоо,“Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын моорун, штам, куболугунун туп нускасын азыркы күндө жоголгондуктан, Ош областык юстиция башкармачылыгы менен бирдикте иш алып баруу, “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын жетекчиликке алып штаттык бирдиктери менен иш алып баруу, таза-суу, агын-суу, жайыт пайдалануучулардын иштерин айыл окмотундогу болумдор менен биргеликте карап талкуулап, чогулуучу жыйымдардын механизимин оптималдаштырууну камсыздап 1-февраль 2017-жылга чейин айылдык кенештин сессиясына маалымат-билдирууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдо белгиленген милдеттерди оз убагында аткарбаса, узгултукко учуратса айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазылов Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде жооп берери эскертилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Б.Жээнбековго тапшырылсын.
Төрага | Т.Абдыкадыров |