Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 30-декабры № 26\ 4
Биймырза айылында 20-декабрь 2016-жылда өткөрүлгөн элдик жыйындын № 1 “Биймырза айылындагы аты жок көчөгө Эмгек Кызыл туу орденин эки жолку ээси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, ВЛКСМ Борбордук комитетинин жана СССР Жогорку Советинин “Ардак граматасы" мамлекеттик сыйлык менен сыйланган, социалистик мелдештин тогузунчу жана онунчу беш жылдыктарынын женуучусу тош белги, Буткул Союздун айыл чарба көргөзмөсүнүн коло медалынын ээс Нурдинов Абсамат агабыздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин бекитип беруу жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин сегизинчи сессиясынын
(V шайланган) жыйналышынын 23.04.2014-жыл № 8 \ 2 “ Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим жана тарбия берүү, маданый жана саламаттыкты сактоо, диний, спорт мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу алардын аттарын өзгөртүүнүн тартибин жөнгө салуу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык Кара –Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биймырза айылында 20-декабрь 2016-жылда өткөрүлгөн элдик жыйындын № 1 “Биймырза айылындагы аты жок кочого Эмгек Кызыл туу орденин эки жолку ээси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, ВЛКСМ Борбордук комитетинин жана СССР Жогорку Советинин “Ардак граматасы” мамлекеттик сыйлык менен сыйланган, социалистик мелдештин тогузунчу жана онунчу беш жылдыктарынын женуучусу тош белги, Буткул Союздун айыл чарба көргөзмөсүнүн коло медалынын ээси Нурдинов Абсамат агабыздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими канаттандырылсын жана бекитилсин.
2. Биймырза айылынын Айдоо учаскасындагы Искендер көчөсүнөн баштап Э.Адыков көчөсүнөн кесилишинен отуп Ысмайылов Маматтын турак үйүнө чейинки аты жок көчөгө Нурдинов Абсаматтын ысымы ыйгарылсын.
3. Биймырза айылындагы Нурдинов Абсамат атындагы көчөнүн корнокторун , уй номерлерин илдирүү, корктондуруу жана жолдун абалын кароо жагы уулу А.Нурдиновго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Кадыровго тапшырылсын.Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы:- Т.Абдыкадыров.
Төрага | Т.Абдыкадыров |