Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 12
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015- жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 3033,7 (үч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөн-Булак-2 жана Жоо-Алма айылдарындагы Жазы дарыясынын жээгин бекемдөө иштери үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн Дөн-Булак-2 жана Жоо-Алма айылдарындагы Жазы дарыясынын жээгин бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин, Ош областык башкармалыгынын, Өзгөн райондук бөлүмүнө, айыл өкмөт тарабынан 2016-жылдын 8-апрелинде №89 кат менен кайрылуу берилген. Бирок, Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү каражат жоктугун билдирип, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылоосун билдиришкен. Ошол себептен Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу мыйзамына ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүштүрүп, адамдардын өмүрүн сактоо жана суу ташкындарын алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 22154900 статьясына бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 133 713 сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |