Редакцияот 21.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 21-апрели № 14

“Тамеки “ өндүрүштук айыл чарба кооперативинин менчигине таандык жер аянтын башка жер категориясына которуу ( трансформациялоо ) жөнүндө

Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн “Пайзабат “участкасындагы “Тамеки “ өндүруштук айыл чарба кооператибинин менчигине таандык тамеки кургатуучу сарайларды, үлүш ээлеринин өтүнүчүн эске алып жана ,элди жайгаштыруу масатында ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2014-жылдын 19- мартындагы № 169 токтомунун негизинде жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын атайын комиссиясынын 17.11.15 жылдагы корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун түштүк региону боюнча башкармалыгынын 13.01.16ж №12-1-1 сандуу корутундуларын жетекчилике алып Дөң-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн “Пайзабат “участкасындагы “Тамеки “ өндүруштук айыл чарба кооператибинин менчигине таандык , өнөр жай,курулуш ,транспорт жана байланыш категориясына кирген тамеки кургатуучу сарайлар жана тамеки ферментация цехи ээлеген 1,80 гектар жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 76 беренесин жетекчилике алуу менен калктуу конуштар жер категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук “Мамкаттоо “ башкармасы тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн “Пайзабат “участкасындагы “Тамеки “ өндүруштук айыл чарба кооператибинин менчигиндеги калктуу конуштар категориясына которулган 1,80 га жер аянтын Дон-Булак айыл өкмөтүнүн жер аянттары боюнча экспликациясына өзгөртүү киргизүү жагы суралсын.

3. Өзгөн райондук архитектура жана куруу башкармалыгынан калктуу конуштарга тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дон-Булак айылдык Кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

А.Тагаев