Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 15
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Таштак участкасындагы тамеки сарайдын алдындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Таштак участкасындагы тамеки сарайдын алдындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу максатында Дөң-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Таштак участкасындагы тамеки сарайдын алдндагы 0,30га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |