Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 17
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебиндеги акча каражатын иштетүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинде, айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Г.Титов орто мектебинин айланасындагы теректерди сатуудан түшкөн 50 000 сом, андан сырткары мектептин “Камкордук көрүү Кеңешинен” 45410 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине төгүлгөн. Жогорудагы акча каражатын аталган мектептин ички каридорлоруна, залдарына окуучулардын коопсуздугун видео байкоо жүргүзүү максатында (видео наблюдения) видео байкоо орнотуу үчүн, 1998-жылдын 11-июнундагы № 78, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” жобосуна таянып, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетундагы акча каражатын аталган мектептин ички каридорлоруна, залдарына окуучулардын коопсуздугун видео байкоо жургузуу максатында (видео наблюдения) видео байкоо орнотуу учун “Аппарат” бөлүмүнүн атайын каражат счетунун 31122290 статьясына болжолдуу эсептелинген сметанын негизинде 95 410 сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |