Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 18
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015- жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 3033,7 (/ч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын тазалыгын сактоо максатында, акыр-чикир таштандыларды айылдардан тышкары жайларга алып чыгуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын тазалыгын сактоо максатында, акыр-чикир таштандыларды айылдардан тышкары жайларга алып чыгуу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 22154900 статьясына бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 100 000 сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |