Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 19
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы №6 контурдагы 0,65 га жер участогуна түзүлгөн шафр №55-14 2014-жылкы башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомунун негизинде, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы №6 контурдагы 0,65 га жер участогуна түзүлгөн шифр №55-14 2014-жылкы башык планын бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк реиондук бөлүмү тарабынан Карадарыя айылындагы №6 контурдагы 0,65 га жер аянтына түзүлгөн шифр № 55-14 2014-жылкы башык планы бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай куруу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык агрардык саясат жана коомуналдык менчик боюнча турктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев |