Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 14
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма участкасындагы муниципалдык менчик жер тилкесин сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү Жобого ылайык сатуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма айылындагы 0,20 га кичүү жабык футбол жер аянчасын жер сатылсын.
2. Сатылган жер аянтын тактап, муниципалдык менчиктен каттоодон алып, жеке менчикке каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык агрардык саясат жана коомуналдык менчик боюнча турктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев |