Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 18-майы № 21
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылынын тургундарынын мечит (ыйман үйүн) куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылынын тургундарынын мечит (ыйман үйүн) куруу үчүн жазган арыздарын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал айылындагы №512-а контурдан 0,08 га калктуу конуштар болуп белгиленген жер аянтына топурак изилдөөлөр боюнча топурактын түрү боюнча кадимки бозомук 9серозими типичные) топурагына кирет. Эрозияга орточо-көп чалдыккан, ьаштуулугу боюнча аз таштуу, механикалык курамы боюнча оор кумайлуу жер, балл бонитети өтө төмөндүгүнөн жалпысынан 0,08 га жер аянты мечит (ыйман үйүн) куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, мечитке (ыйман үйүнө) ажыратуунун мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы мамлекеттик каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун башкы планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |