Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-ноябры, ПЖ № 508 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005- жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"
Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынаылайык, ошондой эле мамлекеттик кызмат орундарын КыргызРеспубликасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатындатоктом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматорундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоокиргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынсаясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри» деген №2тиркеменин «Мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардынкењешчилери, жардамчылары жана консультанттары» деген IX бөлүгүндөгү«Башкы кызмат орунунун» категориясынын Г2 тобу төмөнкү мазмундагыабзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын эларалык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүнкењешчиси». 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелердичечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев