Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 23
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамы бекитилсин.
2. Дөң-Булак айылдык кеңешинин V чакырылыштагы 9-кезексиз сессиясынын ““Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү” протоколу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев |