Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын VIII кезексиз сессиясы
2015-жылдын 15-июну № 24
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015- жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 3033,7 (/ч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-1 айылына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үлүштүк грантка документтер жөнөтүлүп, 2016-жылдын 10-майында Өзгөн райондук финансы бөлүмү, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин атынан “/лүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга 3187,0 мин сомго макулдашуу түзүлгөн. 2015-жылдын 15-декабрындагы № 109 токтомго таянып, айыл өкмөтү тарабынан, аталган жумушка 387,7 мин сом акча каражаты бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал-1 айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, аталган жумушка 387,7 мин сом каржыланып жогорудагы жумушту аткаруу максатында билим берүү бөлүмүнүн ___________ статьясына бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 387,7 мин сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |