Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IX кезексиз сессиясы
2015-жылдын 25-июлу № 29
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал орто мектебинин эски окуу корпусу, ашкана жана кароолкананын имаратын бузуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал орто мектебинин эски окуу корпусу, ашкана жана кароолкананын имараттары эскирип, жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, бул имараттарды бузуу жөнүндөгү Өзгөн шаары Кара-Кулжа жана Өзгөн райондору боюнча региондук башкармалыгынын 2014-жылдын 15-апрелиндеги №23-18-72 сандуу корутундусун, Өзгөн райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын 2015-жылдын 30-ноябрындагы №118 токтомун, Өзгөн райондук билим берүү 2015-жылдын 7-декабрындагы №64-2 буйругун аткаруу максатында өткөрүлгөн Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июлундагы №28 протоколун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал орто мектебинин эскирип, жараксыз абалга келип калган эски окуу корпусу, ашкана жана кароолкананын имараттары бузулсун.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал орто мектебинин эскирип, жараксыз абалга келип калган эски окуу корпусу, ашкана жана кароолкананын имараттарын бузуу үчүн айыл өкмөтүндө комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев |