Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IX кезексиз сессиясы
2015-жылдын 25-июлу № 30
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) 3033,7 (үч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга электр чубалгыларын тартуу учун (ЖБИ) стоба алууга 935,0 миң сом акча каражаты бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга (ЖБИ) столба коюу үчүн, аталган жумушка 935,0 миң сом каржыланып жогорудагы жумушту аткаруу максатында ЖКХ бөлүмүнүн 31113290 статьясына бош (свободный остаток) калган калдыктын эсебинен 935,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |