Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын IX кезексиз сессиясы
2015-жылдын 25-июлу № 31
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн атайын каражат эсебиндеги акча каражатын иштетүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинде, Г.Титов орто мектебине тиешелүү башкача айткан айланасындагы теректерди сатуудан жана мектептин “Камкордук көрүү Кенешинен” тушкон акча каражаты 95410 сомду түзгөн. Жогорудагы акча каражатты аталган мектептин ички каридорлоруна, залдарына окуучулардын коопсуздугун видео байкоо жүргүзүү максатында конкурс өткөрүшүп, аны жеке ишкерлердин бири 68,0 мин сомго утуп алган. Ал эми калган акча каражаты айыл окмотунун эсебинде 27,4 мин сом үнөмдөлүп калган. Ушул уномдолуп калган акча каражатын аталган мектептин ажаатканасынын айланасындагы бетон стяжкасы жарылып, тешиктери бут кире турган болуп, мектеп окуучуларына коркунуч туудургандыктан, бул жумушту бүтүрүү үчүн 13,8 миң сом акча каражаты сарпталат. 1998-жылдын 11-июнундагы № 78, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” жобосуна таянып, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Г.Титов орто мектебинин ажаатканасы мектеп окуучуларына коркунуч келтиргендиктен, уномдолгон акча каражатынан 13,8 миң сом “Аппарат” бөлүмүнүн атайын каражат счетунун 2221 1100 статьясына каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |