Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын X кезексиз сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 32
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал, Дөң-Булак айылдарынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап, жалпы элдик жыйынынын 5-май 2016-жылдагы протоколун аткаруу максатында балдар бакчасын ачуу боюнча токтомун бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал, Дөң-Булак айылдарынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап жана 2016-жылдын 5-майындагы жалпы элдик жыйындын №1 протоколдук токтому менен таанышып, айыл башчынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бахмал, Дөң-Булак айылдарынын көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн мукта ждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Бахмал айылында 60 орундуу (2 тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
2. Балдар бакчасынын тамак ашына калькуляцияга ылайык ар бир айга ата-энесинин эсебинен 500-700 сомдон акча каражаты төлөнсүн.
3. “Ибадат эне” балдар бакчасынын жетекчиси болуп Абылкасымова Кимия бекитилсин.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон балдар бакчасынын ремонтун, электр энергиясы, көмүр менен каржылоо жагы милдеттендирилсин.
5. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнө, сан.эпидстанция, өрт копсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
6. Балдар бакчасынын стабилдүү иштеп кетиши үчүн эмгек акысын мамлекеттик бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |