Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын X кезексиз сессиясы
2016-жылдын 18-августу № 33
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын /ч-Алыш участкасынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап, жалпы элдик жыйынынын 20-май 2016-жылдагы протоколун аткаруу максатында балдар бакчасын ачуу боюнча токтомун бекитүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Уч-Алыш участкасынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап жана 2016-жылдын 20-майындагы жалпы элдик жыйындын №1 протоколдук токтому менен таанышып, айыл башчынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чымбай айылынын Уч-Алыш участкасындагы көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. үч-Алыш участкасынын тургуну Биримкулова Гулсаранын үйүнө 30 орундуу (1 тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
2. “Сайкал” балдар бакчасынын жетекчиси болуп Биримкулова Гулсара бекитилсин.
3. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнө, сан.эпидстанция, өрт копсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
4. Суралсын райондук финансы бөлүмүнөн “Сайкал” балдар бакчасын мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |