Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын X кезексиз сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 35
Биргелешкен муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуш каты жана айыл чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак, Мырза-Аке, Куршаб айыл өкмөттөрүнүн таза суу боюнча биргелешкен муниципалдык ишканасын түзүүгө Дөң-Булак айылдык кеңеши уруксат берет.
2. Биргелешкен муниципалдык ишкананын түзүлүүсү үчүн үч жактуу келишимге кол коюу, ал ишкананын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн тургундарынын таза суу боюнча маселелерин чечүүгө толук жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Р.Султановго милдеттендирилсин.
3. Биргелешкен муниципалдык ишкананы түзүү үчүн акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Исаковго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Рахманбердиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |