Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын X кезексиз сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 36
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде иштеп жаткан мугалимдерге жана балдар бакчаларынын тарбиячыларына колдоо көрсөтүү жөнүндө
Дөн-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык мугалимдерге көмөк көрсөтүүсү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде иштеп жаткан билим берүү кызматкерлеринин социалдык укуктарын коргоо жана колдоо максатында жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты мугалими” кароо сынагына, мугалимдердин спартакиадасына жана мугалимдердин кесиптик майрамына карата акчалай жардам көрсөтүү жагы.
2. Мугалимдерге кезексиз турак үй куруу үчүн жер участогун берүү, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаш адистерге бир жолу берилүүчү жөлөк пул берүү жана мектептердеги газета топтому үчүн акча каражатын төлөп берүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |