Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын XI кезексиз сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 38
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015- жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) 3033,7 (үч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан.
1. Чымбай айылындагы “Ак-Ниет” балдар бакчасына кошумча 30 балага уруксат берилгендиктен жиргиликтүү бюджеттин (свободный остаток) бош калган каражат эсебинен 30 бала *18 сом*20 кун*4 ай(2016-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айлары) = 43,2 сом
2. Чымбай айылындагы “Сайкал” балдар бакчасы жаны ачылып, 20 бала алынып жиргиликтүү бюджеттин (свободный остаток) бош калган каражат эсебинен 20 балага *18сом*20күн*3ай(2016-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары) = 21,6 сом
3. Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн (2211) сапар чыгымдары статьясына каралган акча каражаты чыгымдалып калбай калгандыгына байланыштуу аталган статьяларга, акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 1100 статьясына бош (свободный остаток) калган калдыктын эсебинен 64,8 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2211 1100 статьясына бош (свободный остаток) калган калдыктын эсебинен 100,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |