Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын XI кезексиз сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 39
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата 2015- жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свободный остаток) 3033,7 (үч миллион отуз үч миң жети жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга шагыл тогуу учун топогеодезистик жана проекттерин даярдоо үчүн, акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 22154900 статьясына бош (свободный остаток) калган калдыктын эсебинен 152,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тагаев |