Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 309 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 12-октябры ПЖ № 457
Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Адамдын укугун жана эркиндигин нагыйжалуу, жеткиликтүү коргоону жана конституциялык кепилдиктерге жана эларалык укук ченемдерине ылайык мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуу боюнча 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү негиздеринде жана 2002-2010-жылдардагы мезгилге "Адам укугу" Улуттук программасында аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиркелген Концепцияны жүзөгө ашыруу анын ичинде уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|