Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-октябры ПЖ N 457 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү жөнүндө Адамдын укугун жана эркиндигин нагыйжалуу, жеткиликтүү коргоонужана конституциялык кепилдиктерге жана эларалык укук ченемдерине ылайыкмамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын анданары өркүндөтүүнү камсыз кылуу боюнча 2010-жылга чейин Кыргыз Республи-касын өнүктүрүүнүн Комплекстүү негиздеринде жана 2002-2010-жылдардагымезгилге "Адам укугу" Улуттук программасында аныкталган милдеттердижүзөгө ашыруу максатында токтом кылам: 1. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасынөркүндөтүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиркелген Концепцияны жүзөгө ашы-руу анын ичинде уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюн-ча зарыл чараларды көрсүн. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 12-октябрындагы N 457 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү Концепциясы Киришүү I. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасынын учурдагы абалы II. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар 1. МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн милдеттери жана максаттары 2. МКЮЖ системасын башкаруу органдарынын структурасы, функциялары жана иштеши 3. МКЮЖду өркүндөтүү боюнча чаралар 4. МКЮЖ көрсөтүү механизми 5. Адвокатка эмгек акы төлөөнүн тартиби III. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын ишке ишке ашыруу этаптары Тиркеме. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын уюштуруу модели Киришүү Кыргыз Республикасынын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнчамамлекеттик саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Рес-публикасынын нормативдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун бел-гиленген тартипте күчүнө кирген нормаларына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40 жана 88-статьяларынаылайык: - Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына квалификациялуу юридика-лык жардам жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен гарантияла-нуучу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо камсыздалат: - мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам акысыз берилет; - жаранда каражаты жок болсо юридикадык жардам жана коргоо мамле-кеттин эсебинен берилет. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык(Пакт) ((1) Эскертүүнү карањыз): "Бул Пактыга катышкан ар бир мамлекет төмөнкүлөргө милдеттенет: - Пактта таанылган эркиндиктери жана укуктары бузулган ар бирадамга укуктук коргоонун натыйжалуу каражатын камсыздоо; - андай коргоону талап кылган ар бир адам үчүн укуктук коргоогоалуу укугун мамлекеттин укуктук системасында каралган компетенттүү сот-тук администрациялык же мыйзам чыгаруу бийликтери же башка ар кандайкомпетенттүү орган аныкташын камсыздоо жана соттук коргоонунмүмкүндүктөрүн өнүктүрүү. Ар бир адам ага тагылган кылмыштык айыптоону кароодо толук тењдик-тин негизинде минимум төмөнкүдөй гаратияларга укуктуу, алар: - өзүн өзү же өзү тандаган жактоочу аркылуу коргоого; - эгер жактоочусу жок болсо жана сот адилеттигинин кызыкчылыктарыталап кылган бардык учурларда, ага дайындалган жактоочуну акысынтөлөөгө каражаты жетишсиз болсо акысыз алууга укугу жөнүндө маалымдалу-уга.". Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү не-гизиндеги, 2002-2010-жылдарга "Адам укугу" улуттук программасындагыадам укугун натыйжалуу жеткиликтүү коргоону камсыздоо боюнча милдеттер-дин аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2004-жылдын 4-февралындагы N 54-б буйругу менен Кесиптик юридикалыкжардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү жагынан иштерди координациялообоюнча кењеш (мындан ары - Кењеш) жана Мамлекет кепилдик кылган юриди-калык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү концепциясынын долбооруништеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул Жумушчу топтун ишинин натыйжасы ушул Мамлекет кепилдик кылганюридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча концепция (мын-дан ары - Концепция) болуп эсептелет. Концепция Кыргыз Республикасында Мамлекет кепилдик кылган юридика-лык жардамдын учурдагы системасынын жана келечектеги системасынын көзкараштарынын жыйнагынан турат. Концепциянын долбоору Кењештин заседаниесинде, "тегерекүстөлдөрдө" коомдун бардык кызыкдар өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу-ланган. Концепциянын максаты - Кыргыз Республикасында Мамлекет кепилдиккылган юридикалык жардамдын учурдагы абалын талдоо, системанын кемчи-ликтерин аныктоо жана мамлекет гарантияланган квалификациялуу юридика-лык жардамдын натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнчаконкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу. I. Мамлекет кепилдик юридикалык жардам көрсөтүү системасынын учурдагы абалы Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам (мындан ары - МКЮЖ)системасынын негизги практикалык проблемалары: а) МКЮЖ боюнча иштерди бөлүштүрүү жана бул учурда тергөөчү, сотжана адвокаттык мекемелердин ортосунда координациялоо процессиндеачык-айкындыктын жоктугу; Азыркы учурда МКЮЖ боюнча адвокаттарды дайындоо жол-жобосу ойгокелгендей жүргүзүлөт. Бул көп учурда шектүүлөрдүн/айыпталуучулардынкоргоого болгон укуктары жана иштин процесстик мөөнөттөрү бузулушунаалып келет. б) МКЮЖдын сапатына көзөмөлдүн жоктугу. МКЮЖ боюнча адвокаттардын ишинин сапаттык дењгээли төмөн экенинклиенттер, укук коргоочу органдардын өкүлдөрү жана адвокаттардын өздөрүда белгилешет. Мисалы, SIARдын ((2) Эскертүүнү карањыз) эксперттеринин150 кылмыш иштин материалдарын изилдөөсүнүн негизинде адвокаттардынишинин сапаты жөнүндө төмөнкүдөй жыйынтыктар жасалган. - адвокаттар тергөө жүргүзүү иштерине (күбөлөрдү суракка алуу,күбөлөр менен беттештирүү, карап текшерүүлөр, тинтүү, тергөө экспери-менттери, адамдарды таануу, предметтерди таануу ж.б.) катышпайт, андык-тан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 48-статьясы менен бе-рилген укуктарды пайдалануу укугун толук пайдаланышпайт. - адвокаттар МКЮЖды кызыкпастан, үстүртөн жана пассивдүүкөрсөтүшөт. Каралгандардан кошумча тергөө жүргүзүүгө негизи бар 16 жазык иштиничинен 3 иш боюнча гана адвокаттар тийиштүү өтүнүчтөрдү жасашкан. Кал-ган иштер соттордун демилгеси менен кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн. Жазыккоюлуп жаткан ишке жењилирээк квалификация колдонууга негизи бар 79(52,7%) 24 процентине гана адвокаттардын тийиштүү өтүнүчтөрү берилген. Эркинен ажыратуу жайларында камалган 200 адамды сурамжылагандатергөө жана сот этаптарында адвокаттардын ишинин төмөнкүдөй проблемала-ры аныкталды: сурамжыга алынгандардын көпчүлүк бөлүгү (69,1%) адвокаттар алардыништерине анча кызыкпай мамиле жасашканын билдиришкен: респонденттердин 39 проценти алардын адвокаттары эч кандай про-цесстик иш-аракет жасашпаганын айтышкан: респонденттердин үчтөн бирине жакыны адвокаттар суракка катышпага-нын айтышкан: 50 проценти адвокат айрым гана сурактарга катышканын бил-диришкен; сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү (77,1%) ишти угууга чейинадвокат менен коргоо позициясын талкуулоо үчүн жолукпаганын билдириш-кен; суралгандардын 10,3%и аларга дайындалган адвокатты такыр көрүшкөнзмес. суралгандардын 11,3%и гана адвокаттын ишиндеги кандайдыр бир кем-чиликтерди белгилешкен эмес. Практикада адвокаттын ишинин сапатын аныктоочу объективдүү крите-рийлер, ошондой эле адвокаттардын МКЮЖ көрсөтүү боюнча иштерин байкоогоалуу жана сапатын баалоо механизмдери жок; в) адвокаттардын эмгек акысынын өлчөмү жана эмгек акы төлөө тарти-би. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-майындагы N 306токтому менен бекитилген Адвокаттын эмгек акысын республикалык бюджет-тин каражатынын эсебинен төлөө тартибине ылайык, адвокаттын эмгек акысыреспубликалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар бир иш күн үчүн 125сом эсебинде белгиленген. Жумушчу топтун ишинин чегинде адвокаттарга эмгек акынын төлөнүшүнөжүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылган: - МКЮЖ боюнча көрсөткөн жардам үчүн адвокатка 125 сом акытөлөнгөнүн адвокаттар абдан аз деп эсептешет. Мисалы, тийиштүү мыйзам-дуу чегерүүлөрдү кармап калгандан кийин МКЮЖ көрсөтүү боюнча адвокаттын1 күндүк ишинин акыркы суммасы 103 сомду түзөт (жүргүзүлгөн иштердинсанына карабастан: адвокат бир канча сот аныктамасы боюнча жана судь-янын бир нече аныктамасы (же тергөөчүнүн токтомдору менен) бир күндөбир нече иштерге катышса да эмгек акыны 1 жумушчу күн үчүн гана алат: - адвокаттардын эмгек акысы алардын милдетти аткарууга байланыштуукошумча чыгымдарын (транспорттук кызмат, маалымат суроо, көчүрмөлөө, ишбоюнча керектүү документтерди компьютерде басуу жана чыгаруу, көз ка-рандысыз эксперттердин кызматына акы төлөө, командировкалар, жана иштижүргүзүүгө байланыштуу башка чыгымдар) жаба албайт. Адвокаттар ак ниет кызмат көрсөтүшсө, анда адвокаттын жүргүзгөнишинин чыгымы МКЮЖ көрсөтүү үчүн мамлекет караган эмгек акынынөлчөмүнөн бир топ болушу мүмкүн. Көбүнчөдал ушул жагдай адвокаттардыкоргоонун каражаттарын тандоодо чектелүүгө жана мындай иштердикөњүлсүнбөй алууга мажбур кылат. Ошондуктан юридикалык жардам акысызакысыз көрсөтүлгөн иштер боюнча коргоо толук өлчөмдө жүргүзүлбөйт жанакөбүнчө формалдуу мүнөздө болот. г) МКЮЖ жөнүндө статистикалык маалыматтардын жоктугу. Бүгүнкү күндө республикада МКЮЖ боюнча абалды баалоо жана бул ма-селе боюнча чараларды өркүндөтүү үчүн, ошондой эле МКЮЖду мамлекеттикбюджеттен каржылоонун өлчөмүн белгилөө үчүн керектүү маалыматтарды сис-темалуу жана борборлоштурулган топтоо жүргүзүлбөйт. Атап айтканда,төмөнкүдөй маалыматтар жок. - МКЮЖ көрсөтүлгөн (суралган) иштердин саны; - МКЮЖ алган адамдардын саны; - бир иш боюнча көрсөтүлгөн МКЮЖдун иш жүзүндөгү чыгымы ж.б. Азыр МКЮЖга муктаждыктын дењгээли, МКЮЖ көрсөтүлүп жаткан иштердинсаны жана категориясы жөнүндө конкреттүү маалыматтар жок, бул мамлекет-тик бюджетти пландоодо МКЮЖду каржылоо үчүн керек болоор эле. Ошентип учурдагы кырдаалга жүргүзүлгөн талдоо Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын нормаларына жана Кыргыз Республикасын 2010-жылгачейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинде, 2002-2010-жылдардагы мезгилгекарата "Адам укугу" улуттук программасында белгиленген милдеттерге ыла-йык мамлекет гарантиялаган м юридикалык жардам системасынын натыйжалуу-лугун ачык-айкындыгын токтоосуз камсыздоону талап кылууда. II. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар 1. МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн милдеттери жана максаттары МКЮЖдун азыркы учурдагы тартибин өркүндөтүүнүн максаты Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын нормаларына жана эл аралык укуктун норма-ларына ылайык Мамлекет кепилдик кылган сапаттуу, ачык-айкын, квалифика-циялуу юридикалык жардам системасын камсыздоо болуп саналат. Кыргыз Республикасында МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн негизги мил-деттери төмөндөгүлөр: - МКЮЖ көрсөтүү системасында нормативдик укуктук базаны шайкешкелтирүү; - МКЮЖдун ачыктыгын жана сапатын камсыздоо; - МКЮЖ системасын каржылоо механизмдеринин натыйжалуулугун жанаадилеттигин камсыздоо. МКЮЖду башкаруу системасынын принциптери: - көз каранды эместик; - МКЮЖду башкаруу структурасынын үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулук; - профессионалдык; - ачыктык. 2. МКЮЖ системасын башкаруу органдарынын структурасы, функциялары жана иштеши а) МКЮЖ системасынын иштешин координациялоо МКЮЖ системасынын иштешин бирдиктүү координациялоону камсыздоомаксатында Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам боюнча улуттуккењеш түзүү сунушталат. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам боюнча улуттук кењеш(мындан ары - Улуттук кењеш) мыйзамдын негизинде түзүлөт жана коомдукнегизде иштеген координациялоочу орган болот. Улуттук кењеш Кыргыз Рес-публикасынын Президентие отчеттуу болот жана мыйзам чыгаруу, аткаруужана сот бийликтеринин адвокатуранын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөнтурган 11 мүчөсү болот. Улуттук кењештин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасы-нын Президенти бекитет. Атайын орган түзүлгөнгө чейин Улуттук кењештин аткаруучу органынынфункциясын аткаруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинежүктөлөт. Улуттук кењеш төмөндөгү функцияларды аткарууга укуктуу: - МКЮЖду ишке ашырууну, МКЮЖду реформалоону, МКЮЖду ишке ашыруупроцесстерин мониторингдөөнү бирдиктүү координациялоо; - МКЮЖду реформалоонун жүрүшүнө, МКЮЖду ишке ашыруу механизминесистемалуу талдоо жүргүзүү; - МКЮЖду ишке ашыруунун натыйжалуулугун, МКЮЖду өркүндөтүү боюнчаберилген сунуштарды баалоо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкү маселелер боюн-ча чечимдердин долбоорлорун киргизүү: жарандардын МКЮЖ алуусунун критерийлерин аныктоо; МКЮЖ алууга талапкер адамдын төлөөгө кудуретин текшерүү үчүн тест-тердин мазмуну; МКЮЖ көрсөтүүлөрү тандоо жол-жобосу; адвокаттардын эмгек акысын төлөөнүн механизмдери жана тарифтери; МКЮЖ көрсөтүүдө адвокаттын ишине минимум талаптар; адвокаттардын МКЮЖ көрсөтүү боюнча иштерине баа берүү жана монито-рингдөө жол-жобосу. - Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө Улуттук кењештин жана МКЮЖ системасынын иши жөнүндөгү отчет-торду даярдоо. б) МКЮЖдун жана Улуттук кењештин ишинин сапатын жана иштиктүүлүгүнкамсыздоо максатында адистештирилген органды түзүү сунушталат. Адистештирилген органды түзүүнүн зарылдыгына негиздеметөмөнкүлөрдөн турат: - юридикалык жардам көрсөтүүчү субъекттер (адвокаттар аткарганукуктук функция) менен юридикалык жардам системасын башкаруучу орган-дардын ортосундагы функцияларды (администрациялык-уюштуруучулук функцияМКЮЖ алуунун критерийлерин, МКЮЖ боюнча иштерди бөлүштүрүү механизмде-рин аныктоо, сапат стандарттары жана сапаты текшерүү, статистикалык ма-алыматтарды жыйноо ж.б.) чектөө зарылдыгы бар; - МКЮЖ системасын уюштурууга байланыштуу маселелерди чечүүдөгүборбордоштуруу жок, бул МКЮЖду көрсөтүүдө практика жүзүндө пайда болуу-чу проблемаларды курчутууда. Так башкаруу системасын киргизүү жана функцияларды так ажыратууиш-аракеттеги жактар ортосундагы конфликттерди болтурбайт жана коомчу-луктун МКЮЖ системасына ишеничин арттырат. Администрациялык-уюштуруу функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укук-туу адистештирилген органды түзүү МКЮЖ системасын иштиктүү администра-циялоону калыптандырууга мүмкүндүк түзөт. 3. МКЮЖду өркүндөтүү боюнча чаралар МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн биринчи жана экинчи этаптарын КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй ишке ашырат: - жарандын МКЮЖ алууга укуктарын аныктоо үчүн тексттерди жүргүзүү; - МКЮЖ көрсөтүүчүлөрдүн аймактык тизмелерин түзүү жана облустукюстиция органдары жана адвокаттардын кесиптик уюму менен өз ара байла-нышта иштөөдө алар менен контракттарды түзүү; - иштерди жардам көрсөтүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүү жана адво-каттардын кесиптик уюму менен өз ара байланышта иштөөдө укук коргоо ор-гандары жана соттор менен мамилени координациялоо; - адвокаттарга эмгек акы төлөө механизмин администрациялоо; - адвокаттардын МКЮЖ көрсөтүү боюнча иштеринин сапатын монито-рингдөө; - МКЮЖга карата жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын ка-роо; - МКЮЖ практикасын жалпылоо жана статистикалык маалыматтарды чо-гултуу; - Улуттук кењеш менен бирдикте МКЮЖдун бюджетинин долбоорун жылсайын түзүү; - тийиштүү администрациялык райондордо координаторлорду дайындоо; - коомчулукка МКЮЖдун иши жөнүндө маалымдоо. Эгер райондун аймагында 10дон ашык адвокат иштесе Кыргыз Республи-касынын Юстиция министрлигин ишти камсыздоо максатында келишимдин неги-зинде жер-жерлерде МКЮЖ боюнча координаторлорду дайындайт. Эгер райондоиштеген адвокаттар 10дон аз болсо. анда тергөөчүлөр жана судьялар Кыр-гыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен авдокаттардын тизмеси-нин негизинде кылмыш иштерди МКЮЖ боюнча бөлүштүрүү функциясын аткары-шат. 4. МКЮЖ көрсөтүү механизми МКЮЖду МКЮЖ жөнүндө мыйзамда аныкталган жардам көрсөтүүчүлөр бери-шет. Юридикалык жардам көрсөтүүчүлөр болуп адвокаттык иш жүргүзүүгөукуктуу адамдар эсептелишет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиар бир райондо өзүнүн координаторлору аркылуу МКЮЖ көрсөтүүнү каалаганадвокаттардын тизмелерин түзөт. Тизмелер тийиштүү тергөө органдарынажана сотторго жиберилет. Тергөөчү же судья жаранга МКЮЖ алууга укугун түшүндүрүүгө жана ад-вокаттардын тизмеси менен тааныштырууга милдеттүү. Эгер жаран МКЮЖгамуктаж болсо, анда атайын форманы - МКЮЖ жөнүндө арызды толтурууга ти-йиш. Жаран адвокатты тизмеден тандап алууга укуктуу болууга тийиш. Кар-дардын өтүнүчү боюнча келген адвокат кардар менен МКЮЖ көрсөтүү жөнүндөкелишим түзөт. Иш аяктагандан кийин адвокат арызды жана кардар менен түзүлгөн ке-лишимди эмгек акысын алуу үчүн облустук юстиция башкармалыгына өткөрөт.Арыздын формасында тергөөчүнүн, судьянын адвокат тергөөгө же сотко ка-тышканын ырастаган жазуулары үчүн графа каралууга тийиш. Коргоочу милдеттүү катышуучу иштерде Кыргыз Республикасынын Жа-зык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык жаран ошондой эле адвокат-ты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен тизмеден тандоо-го да укуктуу болууга тийиш. Эгер ал адвокат тандай албаса же андан баштартса, анда тергөөчү жана/же судья адвокатты жогоруда айтылган тизмебоюнча дайындайт. Адвокаттын кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартуу жарангаМКЮЖ алууга укугун түшүндүргөн адвокат катышкан учурда гана болууга ти-йиш. Адвокатка акы төлөө тергөөчүнүн же судьянын токтомуна негизделет,анда адвокаттын ишинин убактысы жана көлөмү көрсөтүлөт. МКЮЖны берүү механизмдери ушул Концепциянын Тиркемесинде ачыккөрсөтүлгөн. 5. Адвокатка эмгек акы төлөөнүн тартиби Адвокатка юридикалык консультация бергени жана тергөө жүргүзүүдөже сотто кардардын кызыкчылыгын коргогону үчүн акы төлөнөт. МКЮЖ иштерибоюнча адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин аныктоодо төмөнкүдөйкритерийлер эске алынат: - ишке киришкендик үчүн гарантиялаган акы; III. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү концепциясын ишке ашыруу этаптары 1-этап: Мамлекет кепилдик юридикалык жардам жөнүндо, жана Кыргыз Республи-касынын нормативдик укуктук актыларына тийиштүү оњдоолорду киргизүүжөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу. Ишке ашыруу мөөнөттөрү: 2005-жылдын II-III кварталдары. 2-этап: Мамлекет кепилдик юридикалык жардам боюнча Улуттук кењешти түзүү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги МКЮЖду ишке ашырат жанаМКЮЖ көрсөтүүнү уюштуруу үчүн координаторлор тармагын түзөт. Ишке ашыруу мөөнөтү: МКЮЖ жөнүндөгү мыйзам жана тийиштүү норматив-дик укуктук акылар күчүнө кирген учурдан баштап. 3-этап: МКЮЖ көрсөтүү функцияларын жана МКЮЖ системасын администрациялоо-нун айрым маселелерин адвокаттардын кесиптик уюмуна берүүнүн ылайыктуу-лугун изилдөө. Ишке ашыруу мөөнөтү: адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамкүчүнө киргенден кийин бир жылдын ичинде. 4-этап: Жарандык жана администрациялык иштердин айрым категориялары боюнчаюридикалык жардамды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кар-жылоону кењейтүү мүмкүндүгүн изилдөө жана финансылык жактан негиздүүболсо МКЮЖ жөнүндө мыйзамга МКЮЖ көрсөтүү бөлүгүндө жарандык жана адми-нистрациялык иштердин айрым категориялары боюнча юридикалык жардамдымамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен көрсөтүү жагындагы ти-йиштүү оњдоолорду даярдоо. Ишке ашыруу мөөнөтү: 2007-2008-жылдар. Эскертүү: (1) Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин1994-жылдын 12-январындагы N 1406-XII "Кыргыз Республикасынын адамукуктары боюнча эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө" токтому мененушул Эларалык пактыга кошулган. (2) Кыргыз Республикасында акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүнсапатын баалоо боюнча отчет. STAP изилдөө жана консалтинги, 2004-жылдынсентябры. Мамлекет тарабынан гарантияланган юридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү концепциясынын тиркемеси ----------------------------- | МКЮЖ боюнча улуттук кењеш| ----------------------------- v -------------------------- | КР Юстиция министрлиги | -------------------------- v --------------------------------- |Облустук юстицня башкармалыгы | --------------------------------- v ---------------------------------------------------| МКЮЖ боюнча координаторлор || ------------------------------|| 10дон ашык адвокат иштеген райондор||---------- ----- -------------- -------- ------------- ------------||Адвокат-| |ИИМ|--|Жаранга МКЮЖ| |КАРДАР| |КООРДИНАТОР| | КЕЛИШИМ |||тардын |------- |алуу укугун | |______| |___________| | _______ |||тизмеси |------- |түшүндүрөт |-|МКЮЖга|-|кардар |-| кардар |-|---------- |Сот|--| | |арыз | |менен | | менен ||| ----- | | |жазат | |адвокаттын | |адвокаттын||| | | | | |ортосундагы| |ортосунда ||| | | | | |байланышты | | түзүлөт ||| | | | | |камсыздайт | | ||| -------------- -------- ------------- ------------|| ------------------------|| |Адвокат: ||| |- МКЮЖ жөнүндө арыздын||| |- кардар менен ||| |келишимдин негизинде |-| |облустук юстиция || |башкармалыгынан акы || |алат || ------------------------|| Айылдагы алыскы райондор||---------- ----- ----------------- ----------- -------- ------------||Адвокат-| |ИИМ|-| Жаранга МКЮЖ | |КАРДАР | |АРЫЗ | | КЕЛИШИМ |-|тардын |------- | алуу укугун | |______ | |____ | | _______ | |тизмеси |------- | түшүндүрүшөт | |тизмеден | |МКЮЖ | | кардар | ---------- |Сот|-| жана |-|адвокатты|-|алууга|-| менен |- ----- |адвокаттарданын| |тандайт | | | |адвокаттын|| | тизмеси менен | | | | | |ортосунда || | тааныштырышат | | | | | | түзүлөт || ----------------- ----------- -------- ------------| ---------------------------| |Адвокат: || |- МКЮЖ жөнүндө арыздын || |- кардар менен келишимдин|- | негизинде облустук | | юстиция башкармалыгынан| | акы алат | ---------------------------