Редакцияот 10.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын XII кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 10-октябры № 40

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карадарыя айылынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын чечүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Карадарыя айылынын тургундарынын турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча жазган арыздарын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя участкасындагы №99 контурундагы 0,50 га жер аянты “Кыргызмамжердолбоор” ишканасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы №5-06-03.31 корутундусу боюнча 1991-жылдагы инвентаризациялоо китепчесинде калктуу конуш болуп белгиленген жердин ичинде жайгашкандыгы үчүн ушул 0,50 га жер аянты турак жай салуу үчүн ажыратылып берилсин.

2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, калктуу конуш жер аянты мыйзам негизинде малекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Суралган жер аянтына башкы планды жана башка тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.

4. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык агрардык саясат жана коомуналдык менчик боюнча турктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Тагаев