Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын XII кезексиз сессиясы
2015-жылдын 10-октябры № 41
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылындагы муниципалдык менчиктеги комплекс сарайлардын алдындагы сүт чыгаруучу имаратынын жер аянтын сатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” Типтүү Жобого ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылындагы комплекс сарайлардын алдындагы сүт чыгаруучу имаратынын жер аянтын сатуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Чымбай айылындагы комплекс сарайлардын алдындагы сүт чыгаруучу имаратынын 0,115 га жер аянты сатылсын.
2. Сатылган жер аянтын тактап, муниципалдык менчиктен каттоодон алып, жеке менчикке каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармасынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык агрардык саясат жана коомуналдык менчик боюнча турктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев |